Сокулук районуна караштуу Жал айылынын Рүстөмбек Мамыралиев атындагы гимназия орто мектебинде семинар өттү. Анда катышкан мугалимдердин айтымында, семинар өз ара тажрыйба алмашууга жакшы өбөлгө түздү.
Жал айылындагы семинарга Сокулук районунун ондон ашуун айылынан мугалимдер катышты. Семинарга катышкандардын айрымдарына суроолор менен кайрылдык. Төмөндө маегибизди сунуштайбыз.
Бактыгүл Кадырбаева, Сокулук районунун Биримкул орто мектебинин мугалими
Учурда мугалим менен ата эненин ортосундагы байланыш кандай деп ойлосуз?
Бактыгүл Кадырбаева: Азыркы заманда мугалимдер балдар менен тыгыз байланышта иштеп жатышат. Себеби рекетчилик, баңгичилик, талап тоноо көп болгондуктан, мугалимдер бир гана ата-энелер менен байланышпастан, бул жерде аймактык тартип коргоо кызматкерлери менен да чогу байланышып, бирдиктүү иш алып барууда.
Бүгүнкү биздин мектепте өтүлгөн класстык саатар боюнча, тарбия иштери туралуу оюңуз кандай?
Б.К.: Тарбиялык иштер абдан жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Жаш мугалимдер тажрыйба алып кетишти, баары жакшы болду. Мен эң жакшы деген баа берем.
Ар бир кесип ардактуу эмеспи, мугалим катары 9-11 класстын окуучуларына кесип тандоо боюнча кандай жол көрсөтө аласыз?
Б.К.: Ар бир адам өзүнүн жүрөгүнө жаккан, көңүлүнө жаккан кесипти тандашын сунуш кылат элем. Жаштар ошол кесиби менен бир гана үй-бүлөсүн бакпастан, мамлекетке да чоң пайдасын келтирет эле деп ойлойм. Азыртадан окуучулар өздөрүн ошого даярдаш керек.
Кыял Сеитмуратова, №1 Жакшылыков атындагы гимназия орто мектебинин мугалими
Учурда мугалим менен ата эненин ортосундагы байланыш кандай деп ойлосуз?
Кыял Сеитмуратова: Беш кол тең эмес дегендей баардык эле ата-эне балдарына оюндагыдай көңүл бура беришпейт. Себеби дегенде көбү иштейт, жумуш менен алек болушат, бирок ошого карабай кээ бир ата-эне ар дайым байланышта болуп, мугалим менен ата-эненин ортосундагы байланышты үзүшпөйт.
Ар бир кесип ардактуу эмеспи, мугалим катары 9-11 класстын окуучуларына кесип тандоо боюнча кандай жол көрсөтө аласыз?
К. С.: Азыр замандын талабына, ЖОЖду бүткөнгө жараша орто билим алуу актуалдуу болуп жатат деп эсептейм. Себеби беш жыл окуп, өзүнө татыктуу жумуш таба албай жүргөн студенттерибиз арбын, бирок ошого карабастан жүрөгүнөн тандап, өзүнүн келечегинде нан таап жей турган кесипти тандоолоруна тилектешмин. Учурда окуучунун дээринен жана ата-энесинин капчыгына жараша болуп калбадыбы.
Маектешкен Бексултан Амантур уулу