Айылдагы Сатыбалды Далбаев орто мектебин 11-класстары билим уясын толук бир айдан кийин аякташат. Бүтүрүүчү класстардын келечек максаттары кандай, эмнелер жөнүндө ойлошот, кызыгып сурап көрдүк. Төмөндө айрым окуучулар менен болгон маегибизди сунуштайбыз.
Элмира Кубанычбек кызы: Мектепте сабак өтө кызыктуу болуп, эстен кеткис күндөр өтүп жатат. Он биринчи класс болгон бир жагынан жакшы, бир жагынан өкүнүчтүү экен. Жакшы жагы — бүт нерсени түшүнүп калат экенбиз. Өкүнүчтүү жагы — мектеп менен коштошуп, мектептен кетип жаткандыгыбыз.
Азыр болсо жалпы республикалык тестке (ЖРТ) даярданып жаткан кезибиз. Мен болсо кошумча алгебрадан тапшырайын деп жатам. Келечекте чоң окуу жайды бүтүп, өзүбүздүн айылга келип математика мугалими болуп иштейин деп жатам.
Мектепте арык казганы чыккан кездерибиз эч эсимден кетпейт. Ал жакта иш кылып курсагыбыз ачып, классташ кызым онго жакын жумуртка кууруп келсе, Батма экөөбүз эч кимге бербей алып качып, олтуруп алып талашып жегенбиз эч эсимден кетпейт.
Адилет Надирбек уулу: Азыр мектепте сабак аябай сонун болуп жатат. Он биринчи класс болгон эң жакшы экен. Себеби мектептин улуусу катары өзүбүздөн кичүүлөргө үлгү болуп калат экенбиз. 25-майга карата бий жана ыр даярдап жатабыз.
Мен ЖРТга кошумча физикадан тапшырып, чоң окуу жайдын энергетика тармагына окуюн деп жатам.
Мектепте ишембилик болуп классташтар менен жаш балдарча суу чачышып ойногон күндөр эч эсимден кетпейт.
Альбина Өскөн кызы: Мектеп азыр жакшы, кызыктуу болуп жатат. Он биринчи класс болгон бир жагынан жакшы, дагы бир жагынан кайгылуу экен. Азыр бүтүрүү сынактарына жана ЖРТга көбүрөөк даярданып, 25-майга убакыт бөлө албай жатабыз.
Буюрса ЖРТга тарыхтан кошумча сынак тапшырам. Анан досторум мугалим бол дейт, а мен болсо дарыгер болгум келет.
Мен үчүн азыр мектепте болгон ар бир күн кызыктуу өтүп жатат.
Бекназар Алмазбеков: Бүтүрүүчү класс болгон башкача экен, убакыт тез өтүп жатат.
ЖРТга кошумча химия, биологиядан тапшырып, тиш даарыгери болоюн деген максаттамын. Келечекте өз кесибимди табып, ошол кесибим боюнча иштесем дейм.
Кыштын бир күнүндө сабака бардым, жума болчу. Анан Мухаммед досум экөөбүз сабактан жооп сурабай эле Арстанбаптын мечитине кетип калдык. Ошентип эки күн качып бардык. Класс жетекчибиз кечке чалып жатты албадык. Эртеси сабака барсак эжейибиз аябай тилдеди. Ошентип досум экөөбүз уруш
уккан күндөр эстен кетпес болуп калды.
Маектешкен Айсулуу Эркинбекова