Эки күнгө созулган жаан-чачындын айынан Куланакта сел каптоодо. Бул жаратылыш кубулушунун натыйжасында Куланак айылынын тургундары жаз мезгилинде жабыр тартууда. Айыл башчы жолдордун оңдолбой жатканын каражат тартыштыгы менен түшүндүрөт.
Куланак мультимедиа борборунун кабарчылары көптөгөн айыл тургундарынын жабыр тарткандыктарына күбө болушту. Айрымдардын үйүн суу каптады. Айылдагы айрым жолдор толугу менен суу каптап, топурактуу жолдор ылайга айланып айыл тургундарынын шаштысын алды.
Селден жабыр тарткан айыл тургунунун бири Казыбек байкеден жаандын айынан тургундар жыл сайын жабыр тартат дейт.
«Тосмолордун жоктугунан сел каптоодо. Жеке эле мен эмес, айыл тургундарына дагы кыйынчылыктар туулууда»,-дейт Куланактын тургуну Казыбек.
Нарын районунун Учкун айылдык аймагынын башчысы Нурлан Болотбек уулу, айыл жолдорун оңдоо иштери пландалган быйыл, бирок каражат аз, дейт.
«Шагыл төгүү иштери жүргүзүлүп жүрөт. Менин келгениме 10 гана күн болду. […] Бирок быйылкы бюджеттин тартыштыгына байланыштуу аз эле акча каражаты каралыптыр. Кечээки жаандан Учкун айылында көпүрө кулап кетүү коркунучунда турат. Ошону оңдогонго эптеп каражат каралды»,-деп түшүндүрдү Учкун айылдык аймагынын башчысы.
Учкун айылдык аймагында эки айыл бар — Куланак жана Учкун.
Жыл сайын кайталанган жаратылыш кубулушунан жабыр тартпоо үчүн тосмолорду тосуп, кыйынчылыктарды алдын алууга айыл тургундарынын каражаты жетишсиз.
Автору: Элжанат Оболбек уулу, Баяман Барктабасов, Жылдыз Асанова