«Таза суунун жеткиликтүүлүгү» иш чарасынын алкагында даярдалды
Куланак айылында ичүүчү суунун бат-баттан токтотулушу тургундардын турмушуна кандай таасир этүүдө, деген суроого жооп алуу үчүн диктофон менен фотоаппаратыбызды алып көчөгө чыктык.
Таза суу маселеси боюнча айыл тургуну Жолдошбек Токтоналиевге кайрылдык. Анын пикиринде суунун үзгүлтүк менен берилишинин себеби түтүктөрдүн эскилигинен.
«Суунун токтошунун себеби суу түтүктөрүнүн эскили. Бул боюнча эч кимге кайрылган деле жокпуз, бирок менин оюмча баардык суу түтүктөрүн оңдоого өкмөттүн каражаты жетишпейт»,-деген пикирин билдирди Токтоналиев.
Ушу канализацияларды ондоп таза суу чыгарып берсе баардык айыл жашоочуларына жакшы эле болмок, дейт ал.
Суунун токтоосу жеке эле адамдарга эмес, алардын малдарына да зыянын тийгизет.
Айылдык суу жетекчиси Эмил Асанов менен бул туурасында маектешүүгө да жетиштик.
Эмне себептен суу түтүктөрүнүн жанында аңдар казылган? Качан кайра өз калыбына келтирилет? деген сурообузга төмөнкүдөй жооп алдык.
«Бул аңдардын казылышынын себеби эскирген суу түтүктөрүн алмаштыруу үчүн казылган. Суу толтурулгандыктан коркунуч жаратат. Айрыкча майда балдарга. Ошондуктан колдон келсе тез бүтүргөнгө аракет кылабыз»,-деп жооп берди Асанов.
«Суу сыйлаган зор болоор,
Суу кордогон кор болоор» деп акыныбыз таамай айткандай, сууну сыйлап таза суу ичсек, жеке эле адамдарга эмес жан-жаныбарларга дагы пайдалуу.
Автор: Газел Русланова, Баяман Барыктабасов, Элжанат Оболбек уулу, Жазгүл Кадыралиева