Токтоян айылынын А. Коёнкөзов мектебинде «Музыка жан дүйнөнүн азыгы» аттуу семинар болуп өттү. Бул семинарга райондун 25 мектебинен мугалимдер келип катышты.
Бул семинарды А Коёнкөзов мектебинин музыка мугалими Аскат Шабданбаев уюштуруп, жакшы өткөргөндүгүн төмөнкүчө айтты.
«Окуучулар энелер жөнүндө жазган чыгармаларды окушуп, ырларды да окушуп, талкулоо жүргүздүк. Музыканын искуствосу өлбөйт деп ойлойм жана биздин айылдын таланттуу жаштары күчтүү»,- деди музыка мугалими Аскат Шабданбаев.
Музыкалык семинарды мектептин 6-классынын окуучулары атайын музыкалык аспаптарды даярдашып, музыка чөйрөсүнө байланышкан «Эне жөнүндө баллада» темасын алышып, темага талкуу жүргүзүштү.
6-класстын окуучулары кандай өткөндүгүн мындайча айтышты.
«Биз мындан мурда көп мугалимдер катышып, музыкадан ачык сабак өткөн эмеспиз. Бул сабак бизге абдан жакшы таасир калтырды. Биз музыка жан дүйнөбүз менен кандай байланышта экендигин билип, музыкадан алган билимибизди текшерип, «Эне жөнүндө баллада» темасында агайыбыз суроолорду берип, биз так жооп бергенге аракеттендик»,- деди Нурпери Нуркасым кызы.
«Биз музыка сабагынан «Эне жөнүндө баллада» темасын өтүп, бул темада биз көп нерселерди үйрөндүк. Сабак кызыктуу болду, бирок күтүлбөгөн суроолор да кезигип, ошондой болсо да так жооп берүүгө аракет кылдык»,- деген оюн айтты Нуриса Максат кызы.
Семинардын катышуучулары окуучулардын билим көрсөткүчүнө жана өнөрлөрүнө күбө болуп, таланттарына баа берип, ыраазычылыгын айтып кайтышты.
Автор: Гулянда Ибраева, Жеңиш Таштанбеков