Көп жылдан бери оңдолуп түзөлбөгөң айылдагы Орозакун уулу Аскарбек атындагы сейил багы бүгүнкү күндө уулунун жана айыл өкмөттүн колдоосунда оңдолуууда.
Аскарбек атанын небереси Рахат Аскарбековдун айтымында, бул сейил бактын тосмолорун улуу байкеси каржылап берген жана көзөмөлдү айыл өкмөт колго алган.
«Буга чейин тосмолору урап калган эле, азыр жакшы оңдоп жатабыз»,-деп айтып берди Рахат Аскарбеков.
Бактарды жогорку класстын окуучулары актап, сейил бактын көркүн ачып жатышат.
Жана ошондой эле тосмолор сырдалууда.
Автор: Эркинай Нарынбекова