Асылбек байке Куланак айылынын тургуну. Анын жубайы Дүйшөгүл эже кредиттен кутулуу үчүн Орусияга иштеп кеткенден тарта беш жылдан бери үч баласын өзү багып келе жатат.
Айылда жашап, мал кармап, дыйкан-чарбачылыгы менен оокат кылууга шарты болсо да, Дүйшөгүл эже соода менен алектенгени Орусияда экенин билдирди анын жолдошу Асылбек байке.
Асылбек байке беш жылдан бери үч баласын өзү багып келе жатат. Улуу баласы менен кызы студенттер. Учурда кичүү уулу Нуржан менен Куланакта жашоодо.
“Кредиттен кутулганбыз, жубайым балдардын контрагын төлөөнү себеп кылат. Контракт төлөөгө өзүбүздүн деле мүмкүнчүлүгүбүз бар, ал шаарга жашоого көнүп калды окшойт”,-деп түшүндүрөт Асылбек байке.
Улуу баласы борбор шаардагы окуу жайлардын биринде билим алат. Ал эми кызы болсо мектепти аяктаган соң апасынын жанына Орусияга кеткендигин билдирди Куланак айылынын тургуну Асылбек.
“Эжекемдер шаардан окуусун бүтсө, апамдар келип калат го…” деген Нуржан дале апасынын кайтып келишинен үмүтүн үзбөйт.
Автор: Дания Талгатбекова