«Таза суунун жеткиликтүүлүгү» иш чарасынын алкагында даярдалды
Орок айыл аймагында бюджеттин тартыштыгына байланыштуу аймактардагы суу түтүктөрү СССР убагынан бери жаңылана элек. Учурда суу түтүктөрдүн тешигинен суу сызып агып жаткандыктан, келген суунун белгилүү бөлүгү жолдо эле жок болууда, дейт айыл аймагынын башчысы Аида Бейшенова.
Жал айылынын тургуну Кеңеш апа жашаган көчөдө суу түтүгү авариялык абалда болгондуктан, ал аптасына бир келген сууну үч көчө алыстыктан ташып ичет.
“Үч көчө алыс жакта крандан үлдүрөп аккан сууну ташып ичебиз. Аны да кезектешип алабыз. Жыргаган эч нерсе жок”,-дейт Кеңеш апа.
“Айыл өкмөтүнүн биз менен башы да оорубайт. Эч кандай жардам бербейт ач курсагын ток билбейт дейт ошо. Мен өзүмдүн жүрөгүм ооруйт өзгөчө кышында кыйналам”,-деп улантты айыл тургуну таза суу тууралуу өз кебин.
Айылдын дагы бир тургуну Ырысдөөлөт байке, коңшу жайгашкан Сарбан айылынан сууну жаңы конуштарга чыгарып жаткандыктан Жалга суу жетпей калууда деп эсептейт.
“[…] Жалга суу жетпей жатса, ал жакка эмнеге чыгарып жатышат мен билбейм.
Эки көчө ары жактан бери сууну чакалап ташып кыйналып жатабыз”,-деп билдирет ал.
Орок айыл аймагынын башчысы Аида Бейшенова айыл таза суу менен толук камсыз боло электиги тууралуу төмөнкүлөрдү айтты:
“Бул жердеги суу түтүктөрүнүн курулганына 40 жылдан ашты. Түтүктөрдүн тешиктеринен суу агып чыгып жаткандыктан, таза суу менен эл толук камсыз боло элек. Эки айылга [ред. Жал жана Кашка-Баш] түшүндүрүү иштерин ушул жума күнү жүргүзөбүз. “Баш Карасуу” долбоору боюнча “Бишкек шаардык сууканал” таза сууну жаңы конуштарга өткөзүп жатат. Ага ылайык айылдарда суу түтүктөрү толугу менен алмаштырылып жаңыланмакчы”,-деп билдирди Бейшенова.
[soundcloud id=’150873538′]
Ал кошумчалагандай, Бишкек шаардык сууканалдан серепчилер жаңы түтүктөрдү орнотуш үчүн канча акча кетээрин аныктаган соң, элден акча чогулта башташат. Анткени бул долбоор ашар жолу менен ишке ашмакчы.
Автор: Бексултан Амантур уулу, Улан Болотбеков