Айылдагы төрөт үйүнүн абалы тургундарды түйшөлтүп келет. Ага кошумча төрөт үйүндө адис-кызматкерлердин саны да жетишсиз.
УЗИ аппараты Ооган-Талаа айылына февраль айында эле алынып келинген. Азыркы убака чейин ишке кире элек. Себеби адистер жок.
Баатыркан Абдырашева төрөт үйүндө 37 жылдан бери гинеколог болуп иштейт. Азыр ал Ошко барып УЗИ аппаратын кантип колдонууну окуп жатат. Окуу төрт айга созулат. Ага айына 5000 сомдон төлөйт. УЗИ иштеп калса элге жакшы болот дейт ал.
“Айылдагылар алыс жака 150 сом кетирип барып келишет. Эгерде өзүбүзгө ачылса элге көбүрөөк пайдасын тйгизмек”,-дейт айылдык гинеколог Абдирешова.
Гинекологдун айтымында аппарат ички ооруларга байланыштуу түрдүү ооруларды жакшы жана так аныктайт. Аппарат жай мезгилинен тарта ишке кире башатайт. Төрөт үйүнө УЗИден тышкары дагы бир аппарат алынып келинген.
Төрөт үйүндө ал гана эмес башка көйгөйлөр да бар. Жаш балдарды кароо үчүн медайым жетишсиз. Ошондуктан райондон медайымдар келип бир айдан иштеп кетишет. Бир айдан кийин алар алмашат. Алар алмашпай иштесе жакшы болмок дейт акушер Роза.
“Базар-Коргондон келет врачтар, бир ай иштейт. Бир айдан кийин дагы башкалар келет. Алмаштырып гана иштетип атат. Бизде жетиштүү адис жок. Детский педиатор да жок”,-деп айтып берди ал.
Катуу шамалдан улам төрөт үйүнүн чатырын учуруп кеткен. Ошондон улам бөлмөлөргө суу кирип жатат. Оңдогонго акча каражаты жетишсиз. Ал эми ооруканадагылар бар болгону 50-100 сомдон таштап кетишет. Топтолгон акчага ашкана курушкан. Ашкана азыктарын райондон алып келишет.Төрөт үйүндө жаткан келиндер шарттарга ыраазы.
“Бардык шарттары жакшы эле. Болгону балдардын палатасына палас алып койсо жакшы болот эле. Бирок айылдагы ооуркана баарыбир район, областардын ооруканаларына жетпейт да”,-деди ооруканага келген бейтап.
Имарат 1983-жылы колхоздун кеңсеси болуп курулган. 1986-жылы төрөт үйү болуп калган. Биринчи кабатында жаш балдар болсо, ал эми экинчи кабатында төрөттөн чыккан келиндер жатышат.
[soundcloud id=’150723149′]
Автор: Айсулуу Эркинбекова, Алия Курманбекова, Жылдыз Ибрахим кызы, Абдышарип Миташов, Мирбек Нурлан уулу, Ооган-талаа медиа