Уч-Коргон айылында азыркы убакта элдин көпчүлүгү арыктан суудан ичет. Бирок, ал суунун тазалыгы күндөн күнгө начарлап барат. Бул айыл тургундарынын ден соолугуна чоң коркунучтарды туудурат.
“Уч-Коргондо биз сууну арыктардан ичебиз, бирок суунун тазалыгы начар. Элдер сууга ташандыларды ташташат. Ооруканада иштегендер да өз таштандыларын алып чыгып каналга ыргытышат. Ушул булганган суууну айыл тургундары ичишет»,-деп баяндады Уч-Коргондогу оорукананын кызматкери Шахзода.
Анын айтымында, калк да тазалыкка кайдыгер. Эл иштетилген кир сууну арыкка төгүп, чайканадагылар болсо жугунду таштандыларын дарыя боюна көмүшөт. Ал эми Санэпидем көзөмөл менен экологдор бири бирине шылтап, буга назар салбай жатат, буга негизинен жашоочулар өздөрү күнөөлүү, дейт медайым.
“Бул көрүнүшкө биз өзүбүз күнөөлүүбүз, ойлонуп туруп иш жасашыбыз керек. Андан соң Санэпидем көзөмөл тарабынан түшүндүрүү иштери жуүргүзүлүшү керек»,-деп кошумчалады ал.
Мындан улам экология бузулууда. Айлана чөйрөнүн көркү да кетип жатат. Андыктан калкты табиятка жоопкерчилк менен мамиле кылууга үндөө керек. Чындыгында суу маселесинин масштабы чоң деп билдирди жергиликтүү мектеп—интернатынын директору Замира Раимжанова
“Бул жалпы эле түштүк Кыргызстандын көйгөйү. Кызыл-Кыя шаарынын маселеси, Кара-Козунун маселеси, Уч-Коргондун маселеси, таза суу бардык жерде болушу керек. Бул көйгөй көптөгөн азаптардын негизи, оорулардын жана башка ден соолуктагы кемчиликтер ушундан болуп жатат»,-деп айтты Раимжанова.
Уч-Коргондогу суу түтүктөрү 1973-жылы курулуп башталып, толук бүтпөй калган. Бирок кээ бир жашоочулардын айтымында, айылда суу тазалыгы канаатандырарлык.
“Өкмө иштеп жатат, көчөлөрдү тазалатып, ишембиликтер өткөрүлүп турат. Айылдагы ичүүчү суу бардык үйлөргө киргизилген эмес. Элге эң керектүү — бул таза суу»,-деген ою менен бөлүштү Уч-Коргон айылынын тургуну.
Айылдагы тазалыкты камсыздоо максатында үч айлык ишембилик программасы түзүлгөн. Андан тышкары чогулуштар байма бай өткөрүлүп жатат, дейт Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Ахматжон Абдурахманов.
“Арыктарды таштандылардан тазалаттырдык, көчөлөргө жети жүз машина шагыл төктүрдүк. Буга бир миллион сом акча каражаты жумшалды. Суу түтүктөрү орнотулган, элдер өздөрү деле жалкоо болуп бара жатышат. Астанасындагы арыктарын тазалабайт»,-дейт айыл өкмөт башчысы Абдурахманов.
Ал эми таштандыны туш келди ыргытып, сууну кирдеткендерге бар болгону 500 сомго чейин айып салынат. Бул жашоочуларды коркутпайт деле. Андыктан тазалыкты сактоону ар ким өзүнөн баштоосу зарыл.
[soundcloud id=’150722008′]
Буга чейин Уч-Коргондогу бала бакчаларында таза суу тартыштыгынан тарбиячы жана жаш балдарга ыңгайсыздыктар туулуп жаткандыгы жана айыл тургундары арыктан алган сууларын кайнатмайын ичпээри туурасында жазган элек. Андан бери абал өзгөрбөй келет.
Автор: Үмүтбек Халбаев, Уулкан Мусаева, Рыскул Айбек уулу, Жазмира Нурмамат кызы