Кулатов айыл аймагында жол маселеси көптөн бери элди түйшөлтүп келет. Буга чейин айылдын жолдорун сапатсыз оңдоп берген ишканалар быйыл кайрадан жолдорду оңдоп түзөп беришет, дейт айыл өкмөт башчысы Нурдин Мадимаров.
Бузулган жолдун кесепетинен 60 жаштагы Арпидиндин машинеси тез-тез иштен чыгып калат. Ал пенсиядагы педагог. Учурда таксист болуп иштейт.
“Тоодогу жайлоонун жолу ушул жолго караганда жакшыраак болуп калды. Жолдун жамандыгына байланыштуу жол кырсыктары бат-бат катталып турат. Машиналар ремонттон чыкпайт. Айдоочулук кылып тапкан акча машина менен бензиндин өзүнө эле кетип калат, кыскасы өзүн актабайт. Көп жылдан бери жол оңдолбой келе жатат. Жол кайгысы дагы эле улантылып келе жатат»,-деген ыңгайсыздыктары тууралуу кеп салып берди кызыл-булактык айдоочу Арпидин.
Карыя 1970-жылы курулган жол азыркыга чейин турганын айтты. Ал эми учурдагы жол сапатсыз жасалып жатат дейт.
“Тоокту сойсо дагы касап сойсун дейт. Азыр тендер деген бир таламай бир балээ чыккан. Ким күчтүү болсо, менин оюмча жолду билеби билбейби, ошол тендерди утуп алып жасай берет экен. Мына ушунун кесепети, бул жол эмес, эшек арабанын жолу болуп калды»,-деп кошумчалады ал.
Оңдолуп аткан жолго көпчүлүк эл нааразы. Себеби жолдор оңдолбой жатып бузулуп жатат. Анын айынан алып келген азык-түлүктөрдү кымбатыраак сатууга туура келип жатканын соодагер Сакина Сакиева билдирди.
“Жолго кеткен каражатты чоңдор туура пайдаланып сарптаганда жолдорубуз бузулбайт эле. Мына ушул эле жылы көптөгөн жол кырсыктары катталды. Канчалаган унаалар аварияга учурап ремонтто. Эгер жол жакшы болгондо мындай көрүнүштөр болбойт эле. Жолдун начарлыгынан айдоочулардын эле шору куруп жатат»,-деп айтып өттү айылдагы дүкөнчү Сакиева.
Акыркы жылы жолдун абалы өзгөчө начарлады. Жашоочулардын айтымында, мындан улам авариялар да болуп келет. Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Нурдин Мадимаров жолду тендерден уткан фирмалар жасап жатканын айтты. “Монтажник” фирмасы былтыр жолдун төрт километрин жасаган. Бирок анын жарымы дароо эле бузулуп калган. Ага 17 жарым миллион сом кеткен.
“Монтажник фирмасынын директорун чакырып, айылдык кеңештин сессиясында карап, асфальтын сапатсыз басылганын көрсөттүк. Ал бизге июнь айынан баардык кемчиликтерди бүтүрүп берем деп ишеним кат жазып берген»,-деп билдирди айыл өкмөт башчысы Мадимаров.
Ал эми Оштон келген “Ак алтын” фирмасы сегиз жарым чакырым жол жасашы керек эле, бирок суукка байланыштуу бир километр асфальт төшөгөнгө жетишкен, дейт айыл өкмөтүнүн башчысы.
«Бир километр 300 метр аралыкка асфальт басылып бүткөн, калган жети километри аба ырайы жылыганда июнь айында башталып август айынын аягына карай “Ынтымак” айыл өкмөтүнүн чек арасына чейин асфальт төшөлүп бүтөт. Ал эми Көк-Жар айылынан келген жолубуздун эки километр 400 метри калып кеткен. Муну да долбоору даярдоо алдында турат, ага келишим түзүп койгонбуз. Эгер долбоордун сметалары даяр болуп бүткөн болсо, август айында тендерге коюп, жолду баштоо алдында турабыз”,-деп айтып берди Кулатов айыл аймагынын башчысы Нурдин Мадимаров.
Мадимаров ошону менен бирге айылдагы 30 километрге созулган ички жолдор да быйыл күзгө чейин бүтүп каларын кошумчалады. Айыл тургундарынын жолдун тез арада оңолуп кетээринен үмүтү чоң.
«Кайра курулат деп ойлойбуз, бирок эли үчүн, жери үчүн күйгөн адистер келип оңдоп бербесе мындан пайда чыкпайт”,-деди айыл тургуну.
[soundcloud id=’150728469′]
Автор: Марлен Жамалов, Хансарбай Айбашов