Аксы районуа караштуу Кербен шаарында 10-апрель 12-апрель күндөрү бизнести пландаштыруу боюнча тренинг болуп өттү. Уюштурулган тренингге 23 жаштар борборлорунун ичинен Үч-Коргон жаштар борборунун лидери Медер Суюнов да активдүү катышып келеген.
“Бул тренингдин негизги максаты жаштар борборлорунун ортосунда бизнести кантип пландаштыруу жана мындан ары туруктуулугун сактап өнүктүрүү болуп саналат”, — деп билдирди Медер.
Тренингдин жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар тапшырылган.
Суюновдун билдиришинче, бул тренинг ЮНИСЕФ тарабынан каржыланып Проматанг компаниясы тарабынан өткөрүлдү. Катышучулар бизнести пландаштыруу боюнча өздөрүнүн кызыктырган суроолоруна жоопторду алышкан.
«Тренинг учурунда бизге көп мүмкүнчүлүктөр, шарттар түзүлдү. Алардан бирин мисалга алсам, 23 жаштар борборунун ичинен сегиз жаштар борбору гранттарды утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту», — деп бөлүштү ал.
Даярдаган: Арипов Атабек, Гулиза Жээнбаева
«Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка”
игровой автомат бесплатно