Исфайрам жээгинде жайгашкан чайканалардын ээлери эс алуучулар үчүн өткөн жылдарга салыштырмалуу бул жылы жакшы шарттарды жаратканга аракеттенишүүдө.
Белгилей кетсек Үч-Корондогу чайканалар жылына биринчи майдан баштап, эс алуучуларга кызмат көрсөтө баштайт жана октябрь айынын 23-24 күндөрү эс алууга чыгышат.Турсунов Өктөм Исфайрамдагы чайканалардын биринде кожойун болуп, көп жылдар бою эмгектенип келүүдө.«Жумуштар азырынча баштала элек, эс алуучуларга жакшы кызмат көрсөтөлү деп аракеттенип жатабыз. Жылында сезон башталуусу алдынан баардык айлана чөйрөнү тазалап оңдоп, 1-май эмгекчилердин майрамына даяр кылып коёбуз», — деп билдирди Турсунов.Айыл жашоочуларынын айтымына караганда бул жерге коноктордун көп келүүсүнө негизги себеп абасы таза, ашпоздор жасаган тамактары өтө даамдуу, чайканаларды аралап Исфайрамдын даамдуу суусу агып өтөт. Мына ошондуктан бул жерге келип эс алуучулардын саны жылдан жылга өсүп бара жатканы тууралуу да билидрүү жасашты.Даярдагандар: Атабек Арипов, Гулиза Жээнбаева.
“Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка”.