Отчеттук жолугушууда бүгүнкү күндөгү көйгөйлүү маселелер каралды. Чек ара маселеси, диний экстремизм, жаштар арасында бири–бири менен болгон мамилелер боюнча талкуу болуп, анализденди.
Мурдагы жылдын июнь айындагы төрт күндүк өткөрүлгөн тренингдердин жыйынтыгы боюнча отчетторду алышкан. Жалпы айыл өкмөтүнүн жамааты аталган көйгөлөр боюнча өздөрүнүн аткарган жумуштарынын отчетторун тапшырышкан. Бул жолугушууга Үч-Коргон жашатр борорунун өкүлдөрү да катышышкан алар аткарган иш аракеттери боюнча маалыматтарды беришкен.Мубарак Юлдашева айыл өкмөтүндө аялдар кеңешинин төрайымы жана бир канча бейөкмөт уюмдар менен көп жылдардан бери эмгектенип келүүдө. “Мен чек ара маселеси боюнча бир канча маалыматтарды алганмын. Кыргызстан жана Өзбекстан ортосундагы чек ара маселеси көп жылдардан бери чечилбей келүүдө. Бул боюнча жакшы жаңылык бар. Мындан ары Өзбекстан тараптар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Мыйзам чегинде чек арадан өтүүгө уруксат беришерин коңушу тарап билдирген” , — деп кошумчалады.Бүгүнкү күндө жаштар арасында көйгөлүү маселелерден бири — диний экстремизм жана алар арасындагы бири-бирине болгон мамилелер, кагылышуулар жылдан жылга күчөп барууда. Бул маселердин алдын алуу боюнча жаштар арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын айтышып жана тийиштүү чараларды көрүү боюнча мындан ары жаңы пландар да түзүлүп кабыл алынды.
Даярдаган: Арипов Атабек