Маматова Гулбахор Үч-Коргон айыл өкмөтүндө биометрикалык каттоо боюнча азыркы учурда иш алып барууда.
“ Үч-Коргон айыл аймагынын 78 % тургундары жалпысынан биометрикалык каттоодон өттү, башкача айтканда 13165 жаран катталды. Айыл аймак боюнча каттоодон өткөрүү жыйынтыкталып калды,”-дейт жооптуу катчы Маматова Гүлбахар
Гүлбахар айымдын билдирүүсүнө караганда август айынын сонунда Үч-Коргон айылынын тургундарын 100 % каттоодон өткөрүп бүтүрүүнү көздөп жаткандыктарын айтат.
“Эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндүктөн наараазычылыктар болгон жок жана биометрикалык каттоодон өтүү адамдарга анчалык деле кыйынчылыктарды туудурбайт, адамдар паспорттору менен келип сүрөткө түшүшөт, биз аларга каттоодон өткөндүгү тууралуу документтерди беребиз”,-деп кошумчалады Маматова Гүлбахор.
Ирина Максутова Үч-Коргон айылынын тургуну, азыркы учурда Үч-Коргон айыл өкмөтүндө жооптуу эксперт адиси болуп эмгектенип келүдө
“Каттоодон акыркылардан болуп өттүм , мен ойлойм биометрикалык каттоодон өтүү бизге бир канча пайдалуу, менин оюмча ар бир кыргызстандын жараны бул каттоодон өтүүсү зарыл”,-дейт Ирина Максутова
Даярдаган: Сабыр у Шумкарбек
Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка