Шохрухтун билдирүүсүнө караганда кыштын узакка созулганы жана кардын жааганы гиластарга жана айрым мөмөлүү дарактарга таасирин тийгизе алган жок.
Шохрух Мамажанов Үч-Коргон айылын жашоочусу. Ал бир нече жылдан бери дыйканчылык менен алектенип келүүдө. Ал өз үйүндө гилас дарактарын өстүрүп келет жана багбанчылыктын сырларын мыкты өздөштүргөндүгүн айтат.
“Мен көп жылдан бери дыйканчылык менен алектенип келем. Биз алдын ала дарылап койгонубуз үчүн өткөн күндөрдө жааган кар гиластарыбызга таасир эткен жок. Ошондуктан, кудай берсе жакшы түшүм алабыз деген үмүтүбүз бар.”
Шохрухтун айтымында, кардын жаашынын натыйжасында өрүк жана жаңгак дарактарын үшүк алган. Эми быйыл күтүлгөн түшүмдү ала алышпайт. Бирок курма, алма, шабдалы сыяктуу мөмөлүү өсүмдүктөрдүн абалы жакшы денгээлде.
“Биз жылына өрүк, гилас, жаңгактан жакшы түшүм алып сатчуубуз. Бирок быйыл андай болбой калды. Эми үмүтүбүз гилас жакшы болуусун тилеп олтурган учурубуз. Өзүңүздөр көрүп турасыздар, гиластин гүлдөрү өтө көп жана кооз болуп ачылып турат.»
Чындыгында багбан айткандай, үч-коргондуктар дыйканчылык менен мыкты алектенишип жылына кеминде 100 миңден киреше алса, бактардын жакшы түшүмүнөн 300-500 миңге чейин пайда көргөндөр да бар.
Даярдаган: Арипов Атабек, Гулиза Жээнбаева
“Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка”