Үч-Коргон эли өрүктөн жакшы пайда алышат. Өрүктөр эми гүлдөгөндө кар жаап татаал абал жаратты. Бирок, жашоочулардын көбү кар жаашын билип, өрүк дарактарын суукка каршы дарылашкан.
Баткен областы өрүк эң көп өндүрүлүүчү жер болуп эсептелет. Бул областта жайгашкан Үч-Коргон айылында дагы өрүк көп өндүрүлөт. Айылдын жашоочулары өрүк өндүрүүнүн сырларын жакшы билишет.
Үч-Коргон жашоочулары өрүк жетиштирип сыртка дагы экспорт кылышат.
Айыл жашоочулары дарактарды сууктан сактоо үчүн даярдык көрүшүп, дарылашкан.
Жашоочулардын айтымында кар-жамгырга каршы дарылар дарактарга себилбеген болсо жааган кар зыян келтирет.
[…] “Мурдагы жылы жакшы түшүм болгон. Мындан беш жыл мурда ушундай кар жааган. Дарактар эми мөмөгө кирген убакта. Бирок зыяны тийбеген. Үмут кылабыз мурдагыдай болот. […] Кээ бир жерлерди үшүк урган болушу мүмкүн. Бизде дарактардын абалы жакшы”.,-дейт Рустам багбан.
Өрүктөр эми гүлдөгөн мезгилде кардын жаашы таасирин тийгизет.
Рустам багбандын айтышы боюнча, бул жылы түшүм жакшы болбосо эмки жылга даярдык көрүшөт. Дарактарды сууктан сактоо үчүн дарыларды көбүрөөк себип, арекет жасашат.
Даярдаган: Элдор Далиев. Сүрөттүн автору: Атабек Арипов.
casino menton http://www.jpfchat.com/guide-francophone-pour-jouer-au-casino-virtuel/