Сарыппаев Имамиддин Үч-Коргон айылндагы № 6 А.С. Пушкин атындагы орто мектепте спорттун таэквондо түрү боюнча жаштарга сабак берип келүүдө.“ Бүгүн достук спорт клубунун мелдеши болуп өттү бул мелдешке Үч-Коргон, Кызыл-Кыя жана Баткен облусунан үч клуб катышты. Бул мелдеште менин окуучуларымда жеңүүчүлөрдөн болушту. Бугун чемпион деп табылган жеңүүчүлөрүбүз эл аралык чемпионаттарга, мамлектеттик чемпионаттарга, спартакиадаларга барып катышканга мүмкүнчүлүк алышат. Буюрса мындан кийинда аракет кылабыз көптөгөн ийгиликтерге жетишкенге”.
Сарыппаев Имамидиндин бидирүүсүнө караганда ушул күнгө чейин мындай мелдештер көп жолу өткөрүлүп жаш спортчулар Бишкек шаарында жана Таджикистанда өткөрүлгөн спорттук мелдештерге катышып байгелүү орундарды алып кайтышкан.Закиров Шумкарбек спорттун тайквандо түрү боюнча аталган клубта машыгып келет. “ Бүгүнкү мелдеште мен биринчи орунду ээледим аябай кубанычтамын жана мен мындан ары ушул спорттун түрү менен машыгып дүйнө чемпиону болуу ушундай клубдарды ачып жаштарга үйрөтүү . Мени бул жерге эчким чакырган эмес, досторумду көрүп менда кызыгып келгенмин”Сарыпаев Имамидиндин устаты Кореядан Ли Шон Джин деген таэквондо боюнча дүйнөчемпиону ал бүгүнкү мелдешке келип жаш чемпиондорго жакшы каалоо тилектерин айтып белектерин тапшырды. Жана ал өз сөзүндө Кыргызтан жана Корея достугу бекемдигин айтып өттү.
Даярдаган: Сабыр у Шумкарбек
Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка