Үч-Коргондогу ооруукананын алдында алгачкы ирет терапиялык бөлүм ачылды. Бул туурасында Хабибуллаева Гулчехра билдирди.
Гулчехра Хабибуллаева Уч-Коргон айыл округунун борборунда жайгашкан ооруукананын тез жардам бөлүмүнүн башчысы болуп иш алып барат. “Ооруулуларга жакшы жардам көрсөткөнгө аракет кылабыз, ар бир бөлмөлөргө кирип алардан ал абалын сурап көңүлдөрүн көтөрөбүз. Мурдакыга караганда шарттар бир канча жакшы болуп калды бөлмөлөрүбүз жылуу.»
Хабибуллаеванын айтымында, кыш мезгили болгондуктан сасык тумоо жана суук өткөн, жүрөк жана кант диабети менен ооруган адамдар көп кайрылууда. Мындан сырткары айыл өкмөт тарабынан жардамдар берилип келинүүдө.
“Терапиялык бөлүмүбүз жаны ачылды бул бөлүмдүн ачылышына айыл өкмөт түздөн-түз жардамын берди, бирок бир гана кемчилик суу кетүүчу түтүктөр жок” -деп кошумчалады Хабибуллаева.
Хокимов Умиджон аталган оорууканын терапиялык бөлүмүндө дарыланып жатат. Анын билдиришинче, бул жердеги шарттар жакшы дарыгерлер тарабынан керектуу кызматтар көрсөтүлүп жатканын жана азырда жакшы абалда экенин айтып өттү.
Бул оруукана Үч-Коргон айылынын борборунда жайгашкан мындан эки уч жыл мурдагы абалына салыштырганда шарттар жана көрсөтүлүп жаткан кызматтар жакшы денгээлде. Ооруукана жалпы Үч-коргон айыл округуна кызмат көрсөтүп келүүдө.
Даярдаган: Абдилла у Сапарали, Бекмурза у Дастан.