Кочкор районуна караштуу Чолпон айылында 30-августта Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата майрамдык иш-чара өттү. Айыл ичиндеги көчөлөр аралык эстафета салтка айланып, быйылкы майрамды Карыпбек кызы Тамара атындагы көчөнүн тургундары уюштурушту.

Майрамдык салтанат айыл тургундарына өзгөчө маанай тартуулап, ыр-бий коштолгон концерттик программа, кызыктуу оюндар жана кыргыздын каада-салтын даңазалаган тушоо кесүү аземи менен коштолду. Иш-чара айылдаштардын ынтымагын чыңдап, майрамдык маанай тартуулаганын тургундар өзгөчө белгилешти.


Карыпбек кызы Тамара көчөсүнүн демилгелүү тургундары бул иш-чарага эки жума даярданышкан. Уюштуруу иштерине айыл тургундары 100 пайыз активдүү катышып, демилгени бир добуштан колдоп беришти. Ал эми майрамды жогорку деңгээлде өткөрүүгө жеке ишкер, спонсор Адиев Мелис Бактыгулович олуттуу салымын кошуп, 100 миң сом өлчөмүндө каржылык колдоо көрсөткөн.

«Айыл жеринде мындай мааракелердин өтүп турушу абдан маанилүү. Көчө-көчө менен эстафета өткөрүү тургундардын бири-бирин көрүп, ынтымакташуусуна чоң өбөлгө түзөт. Эгемендүүлүк биз үчүн эркиндикти жана келечек муундарыбызга ачык жолдорду жана мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп ойлойм» — деди айыл тургуну, үй кожойкеси Чынара Жунушова.

Ал эми иш-чараны уюштуруучулардын бири, мектеп китепканачысы Гүлжан Шаршеева быйылкы майрам өлкөдөгү жалпы өнүгүү маанайы жана Караколдо өтүп жаткан Көчмөндөр оюндары менен айкалышып, өзгөчө шаңга бөлөнгөнүн кошумчалады.


Салтанаттын соңунда Карыпбек кызы Тамара көчөсүнүн тургундары мааракелик эстафетаны кийинки Нооруз майрамын тосуп алуу үчүн “Байдөөлөт уулу Туткабай” көчөсүнө өткөрүп беришти. Майрамга чогулгандар өлкөгө тынччылык, токчулук жана чың ден соолук каалап, Кыргызстандын өнүгүшүнө салымыбызды кошо берели деген ак тилектерин билдиришти.
Даярдагандар: Илима Жумабаева, Амина Жумабаева.