Чолпон айылында ар кайсы жерде ыргытылган кара жүн маселеси өтө көйгөйлүү маселелердин бири болуп эсептелет. Ар кайсы жерде жаткан кара жүндү азыркы учурда биз көчөлөрдөн, талаалардан жана бакчалардан көп кезиктиребиз. Булардын өтө зыян экенин билип, экологдун жана айыл тургундарынын буга карата көз карашын уктук.
“Ыргытылган кара жүндөр экологияга терс таасирин тийгизет. Бул кара жүн уяң жүн болгондуктан, курт- кумурскалар, бактериялар көбөйөт. Көбөйгөн курт-кумурскалар, бактериялар малга жугуп тарай берет”, — дейт Чолпон айыл аймаганын жайыт комитетинин жетекчиси Урмат Өмүрбеков.
Ошондуктан кара жүндөр жаратылышка жана адамдарга зыян келтирүүдө. Кара жүндүн чогулуп, ар кайсы жерде жатканы зыян. Ал эми иштетсе пайдасы көп.
Кара жүндү ыргыткан жайыт пайдалануучуларга биз биринчиден түшүндурүү иштерин жүргүзөбүз. Мамлекет тарабынан кодекстер кабыл алынды. Ошонун негизинде чара көрсөк болот, эң биринчиси кара жүндун зыяндулугун, элдерге түшүндүрүшүбүз керек. Кара жүндүн ыргылытып жатканынын бирден бир себеби, анын баасынын төмөндүгү, ошондой эле азыркы учурда элдер кийиз жазабай калышты. Кара жүндү жоготуу үчүн биринчи баасын жогорулатышыбыз керек. Ошондой эле кара жүндү иштеткенге аракет кылышыбыз зарыл.
Кара жүндү жогото албагандыктан аны иштетүүгө аракет кылып жатабыз, үй, палатка жасап элдерге үйрөтүү жөнүндө долбоор иштеп чыгуудабыз”.
Бул көйгөй жөнүндө эколог Каныбек уулу Аргендин да оюн сурадык. «Кара жүндүн зыяны көп. Мисалы, жайыттарда ташталган жүндөр, терилер ал жакты булгап жатат. Кара жүндөрдөн арылуу үчүн женил өнөр жайын иштетүү керек. Союз маалындагыдай кайра иштетип, кайра өндүрүүгө болот. Ага бирок, көп каражат талап кылынат.»
Ал эми айыл тургуну Нурбек, мындай деген оюн айтты. «Кара жүндүн пайдасы бар. Анткени илгертеден бери алардан кийиз, төшөк жазап келгенбиз. Азыр кара жүндү ыргытпай эле, пайдаланып жатабыз. Анткени, азыр жүндү сатып алып калышпадыбы.»
Эгер Чолпон айыл аймагында жүндү кайра иштетүүчү ишкана ачылса, бул көйгөй өзү менен өзү жок болмок.
Даярдагандар: Таштанова Перизат, Турдубаева Бурулкан, Жээнбаева Чолпонай, Нуркалый кызы Нурпери, Муктарбеков Актан