Суусамыр айылында айыл тургундары үчүн муз аянтча ачылды.
Аянтча декабрь айында жасалып башталып азыр айыл тургундары коньки тебе башташты.Ачылган муз аянтча тууралуу Суусамыр айылынын тургуну, демилгечи Нурадил Сопуев төмөндөгүлөргө токтолду:
“Биз 3-4 бала болуп айыл тургундарына да жагат деген ой менен ушул муз аянтчасын ачтык. Кыйнчылыктар да болду, суук абдан катуу болуп шлангилер тоңуп, андан тышкары каардын көп жаашы тоскоолдуктарды алып келди. Көпкө чейин ачылбагандыгыбыздын да себеби ушул.Конькилерден 20 коньки ЖКнын депутаты Тынчтык Конушбаевдин демөөрчүлүгү менен алынып келинди. Азыр акысын саатына 20сомдон кылып конькилерди дагы көбөйтсөк деген ой бар. Бул жерге көбүнчө мектеп окуучулары, ата-энелери менен келген бөбөктөр да болуп жатат.Алдыда муз аянтын чоңойтолу, көп тармактуу кылалы деген пландар бар. “
Ачылган муз аянтча балдарга жагып жаткандыгы туралуу окуучу Сезимай Руслан кызы айтып өттү:
“Бизге муз аянтча абдан жакты.Буга чейин коньки тээп көргөн эмес элем.Башында абдан кыйын болду.Бирок көнүп кеттик. Баарыбызга жагып жатат. ”
Айыл тургуну Болот Үмөталиев :
“Бул муз аянтча ачылганы туура болду деп айталам. Бүгүн балам экөөбүз коньки тээп кетели деп атайын келдик.Мен конькини жаш убакта тээп жүрчү элем.Азыр бир аз унутуп калганыма карабай тээп жүрөм. Буга чейини мындай кызыктыруучу нерселер жок эле. Муз аянтчаны ачып, уюштургандарга ыраазычылык билдирип кетет элем. ”- деп ачылган муз аянтча тууралуу өз ою менен бөлүштү.
Ал эми муз аянтча эгер күн суук боло турган болсо март айынын аягына чейин иштөөсүн улантат.
Даярдаган: Зыйнат Самар кызы