Бул тууралуу Сары-Булуң айыл аймагынын социалдык кызматкери Бурулсун Эрмекова билдирди.

Тогуз-Торо районунун О.Чопиев атындагы спорт мектебинде айыл аймактарынан келген ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгенде адамдар арасында спорттук оюндар болуп өттү. Оюндун жүрүшүндө коляска жарышуу, шахмат, шашки, таш кѳтѳрүү, кол күрѳш жана оор атлетиканын штанга кѳтѳрүү боюнча өнөрлөрүн көрсөтүштү.
Сары-Булуң айыл аймагынан 2-группадагы Врачбек Чотуров шахмат боюнча 2-орундуу жана жалпы оорусу боюнча Жумадил Солтоев гира көтөрүү боюнча 2-орундуу алышты.
Жыйынтыгында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга демөөрчү Урмат Токтосунов тарабынан акчалай сыйлыктар берилди. Мындан сырткары айыл өкмөт тарабынан сый тамак уюштурулду.
Даярдаган: Назгүл Шадыбекова