Биринчи коомдук каналдагы кадимки акыл ордо сыяктуу эле орто мектепте да акыл ордо теэ-тез өткөрүлүп турат. Мугалимдердин колдоосу жана окуучулардын аракети менен уюшулган иш чара көпчүлүктүн көнүлүн бурууда.
Уюшулган акыл ордо кызыктуу өттү жана анын негизги темасы география сабагы болду.
Акыл ордонун уюштуруучуларынын бири, окуучуларды тартипке үндөгөн Муртазаева Жыпар эжейибиз ою менен бөлүшө кетти:
«Бул акыл ордодо балдардын билгичтигин, география сабагына кызыгууларын өнүктүрүү үчүн, айрыкча, класс-класстар боюнча кетип жатат. Алар финалга чыгып өздөрүнүн билгичтигин аныктоо ирээтинде уюштуруп жатабыз. Ушундай акыл ордолорду көп уюштуруп турсак балдардын ой жүгүртүүсү, суроолорго туура жооп берүүсү жакшырат экен. Жалаӊ эле сабак болбостон, терс нерселерден алыстатуу ирээтинде кызыктырып ушундай акыл ордолорду мындан кийин да уюштурабыз.»
Мугалимдердин айтуусу боюнча азыркы окуучулар интернетке жана чөнтөк телефондорго көбүрөөк кызыгышат. Терс жолдордон окуучуларды тартуу, балким, көрүп отурган окуучулар да көп нерсени билип алат деген үмүт менен биздин асыл эжейлерибиз канчалаган мелдештерди өткөрүп келишет.
Ушундай мелдештерге кызыгуусу арткан окуучулардын бири Айдар Букаев акыл ордого катышып, мелдештин аягында сезимдери менен бөлүштү.
«Акыл ордо бул чоң масштабда мектепте география сабагы боюнча өтүп жатыптыр. 8-класстар арасында мен жарым финалга чыгып четтетилип калдым. Бирок, аябай жакшы оюн өттү. Мугалим Жыпар эжейге ыраазымын, уюштурган эжейлерге жана ойногон оюнчуларга дагы ыраазымын», — деп бөлүштү окуучу Букаев.
Дагы жакында өткөрүлүүчү акыл ордодо мугалимдерге жана окуучуларга ийгилик кааламакчыбыз. Жаштарды окууга үндөөдө акыл ордо мугалимдерге чон жардамчы болуп берет деп ишенебиз.
Даярдаган: Айдай Кудайбергенова