Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгына карата Токтогул районунда билим берүү тармагында чоң өзгөрүүлөр жана кубанычтуу учурлар орун алды. Райондо эки мектептин жаңы имараты жана эки мектеп капиталдык оңдоодон өтүп пайдаланууга берилди.

Бул маанилүү иш-чарага Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров онлайн түрүндө катышып, жалпы республика боюнча 100дөн ашуун социалдык объекттердин ачылышына расмий түрдө уруксат берди.
Жаңы окуу жылынын башталышына карата эки жаңы мектептин имараты ачылды.
Алар:
1.Э.Иманалиев айыл аймагына караштуу Өзгөрүш айылындагы №36 А. Ибраимов атындагы орто мектеби, республикалык бюджеттин эсебинен 86 млн сом акча каражаты бөлүнгөн;
2.Арал айылындагы Тешебаев атындагы орто мектебинин курулушу 2023-жылы башталып, республикалык бюджеттен 101,2 млн сом акча каражаты жумшалды. Жаңы мектептер заманбап шарттар менен жабдылып, кенен класстар, китепкана, спорт зал жана башка керектүү инфраструктуралар менен камсыздалган.

Капиталдык оңдоодон өткөн эки мектеп пайдаланууга берилди.
Алар:
1.Үч-Терек айылындагы капиталдык ремонттон өткөрүлгөн №29 М. Нургазиев атындагы мектебинин имараты. Мекемеге жалпы 73 млн 193 миң сом бөлүнгөн;
2.Бала-Чычкан айылындагы №8 А. Иманбаев атындагы мектеби, капиталдык оңдоого 64 млн 763 миң сом бөлүнгөн. Бул мектептер капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, окуу процессине толук ылайыкташтырылып шарттар түзүлдү.
Бул өзгөрүүлөр — мамлекеттин билимге болгон өзгөчө көңүлүнүн жана балдардын жаркын келечегине болгон ишениминин далили. Жергиликтүү эл, мугалимдер жана окуучулар үчүн бул майрам өзгөчө мааниге ээ болду. Эгемендүүлүк майрамын жаңы мектептер менен баштоо — келечекке болгон ишенимдин символу болуп калды.
Даярдаган: Азема Сабырбекова