Кочкор районунун Чолпон айылындагы Кочубек Акназаров атындагы мектебинин окуучулар бөтөлкөлөрдү пайдалангандан кийин таштандыга ыргытпай, өрттөбөй аларды кабыл алуу жайларына өткөрүү керектигин түшүнүштү. Ал үчүн атайын «Окуу керемет» долбоорунун алкагында мугалим менен биргеликте ищилдөөлөрдү жасашты.
Корчубек Акназаров орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Касиет Адышова:
«USAIDдин «Окуу керемет!» долбоорунун колдоосу менен өткөрүлгөн «Окуйбуз, жасайбыз, изилдейбиз! сынагына катышып, райондук турунун жеңүүчүсү болдук. Классым 2-класс. Бул сынакта, азыркы дүйнө жүзүндө эң негизги проблема болуп жаткан бир жолку колдонулуучу пластикалык буюмдардын зыяндуулугун изилдеп, “Полиэтиленге каршы күрөшөбүз” темасын тандап алып иштедик.
Ал теманын үстүндө газета журналдардан, интернеттерден, китептерден маалыматтарды топтодук. Пластикалык буюмдар төрт жүз жылга чейин жерде чирибей жата берерин билдик жана атайын таштандылар төгүлүүчү жайларга барып жайнап жаткан пластик буюмдарды көзүбүз менен көрүп күбө болдук.
Полиэтилен баштыктарды көп урунабыз. Таштандыларды өрттөөдө абаны булгайт. Алардын бизге келтирген зыяндуулуктары жөнүндө окуучулар менен талкуулап, кандай кылсак биз абаны тазартабыз, кандай кылганда эл таза жашоодо жашайт деп изилдөө иштерин жүргүздүк.
Айыл аралап пластикалык буюмдардын элге тийгизген пайдасын да зыянын да окуучулар изилдеп чыгышты. Пайдалуу жагы бала бакчаларда пластик бөтөлкөлөрдөн ар кандай кооздуктарды бактарды, гүлдөрдү жасашкан. Үйлөрдөн гүлдөрдү, рассадаларды өстүрүүчү идиш катары колдонгонун көрдүк.
Бул изилдөөдө пластикалык буюмдар элдин ден- соолугуна кандай зыянын тийгизет деп изилдеп жатып “Менин үй- бүлөм”, “Менин айылым”, “ Менин мектебим”, “Менин мамлекетим” деп макеттерди жасадык. Үй- бүлө таштанды ыргытып отуруп айыл ичи булганат, акырындап мамлекет таштандыга толуп, адамдын ден- соолугуна терс таасирин көрсөтөт.
Мурунку бир миң тогуз жүз токсонунчу жылга чейинки жана токсонунчу жылдардан кийинки мезгилдеги экологияны салыштырып, эмне үчүн мурда таштанды аз болгондугун билишти.
Себеби, мурда пластикалык бөтөлкөнүн ордуна айнек идиштерге суусундуктун бардык түрү куюлчу жана кайра өткөрчүбүз. Жылтырак пакеттин ордуна кагаз пакеттер пайдаланылган жана алар отко жагылып кетчү.
Ушул темаларга карата китеп жасап, ичине өзүбүздүн изилдөөлөрүбүздү жаздык. Окуучулар пластикалык буюмдардын кандай пайдасы жана кандай зыяны бар экендигин жакшы түшүнүштү».
Гулира Сатарова, Кусейин Марат уулу