“Prevention Media” коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен өнөктөштүктө жана БУУӨПтүн колдоосу менен экстремизмге каршы аракеттенүүгө багытталган эки жаңы окуу-методикалык колдонмону иштеп чыкты.

Бул демилге Кыргыз Республикасынын «Экстремисттик ишмердүүлүккө каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамынын алкагында, ошондой эле Министрлер Кабинетинин 2023–2027-жылдарга карата мамлекеттик программасын ишке ашыруу планына ылайык жүзөгө ашырылды.
Колдонмолор журналисттерге, контент жаратуучуларга, басма сөз кызматкерлерине жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө арналган. Алардын негизги максаты — сезимтал темалар менен иштөөдө практикалык көндүмдөрдү калыптандыруу, экстремисттик мазмундагы маалыматтардын жайылуу тобокелдиктерин азайтуу жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу.
«Бул басылмалар жөн гана теория эмес, адистердин күнүмдүк ишинде колдонулуучу конкреттүү куралдар. Алар жоопкерчиликтүү коммуникацияны түзүүгө жана радикалдашуунун алдын алууга жардам берет», — деп белгилешти фонддун өкүлдөрү.
Практикалык колдонмолор менен фонддун расмий сайтынан таанышууга болот: https://preventionmedia.org