“Түндүк электр” ААК 01.07.2001 жылы “Кыргыз энерго” АКнын түзүмүн өзгөртүп уюштуруунун натыйжасында түзүлгөн. Учурда ал Кыргыз Республикасындагы алдыңкы энергия камсыздоочу уюм.
Компания азыркы учурда базар (рынок) экономикасынын шартында өзүн өзү актоо принцибинде Кыргызстанда ички рынок үчүн иштелип чыккан электр энергиянын 40% ашуун бөлүгүн бөлүштүрүү жана сатууну ишке ашырат жана Чүй, Талас облустарынын, Бишкек шаарынын чегинде жайгашкан чыңалуусу 35-10-6-0,4 кВ бөлүштүрүүчү электр тармактарын пайдалануу жана оперативдүү тейлөөнү ишке ашырат.
2019-жылдын 1-июнуна “Түндүк электр” ААКнын 577 274 юридикалык жана жеке жактар болгон кардарлары бар. Аба, кабелдик чубалгыларын, жогорку вольттуу, төмөнкү вольттуу электр желелерин жана энергетикалык жабдууларды тейлөөнү, ошондой эле электр энергия сатып алуу, бөлүштүрүү, сатуу ишмердигин 20 аймактык түзүмдүк бөлүмдөрү жүргүзөт.
Бакай-Ата районунун жамааттык радиосунун эфиринде, сентябрь айында атайын электр колдонуучулардын суранычы боюнча, эфирге «Түндүк электр» ишканасынын Таластагы филиалынын башчысы Акылбек Касымбаевич катышты. Түз эфирде, социалдык тармактардан угармандар 10дон ашык суроо узатып, ар бири даректүү жооп алышты.
Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова