Шабдан айылынын мурунку чакырылыштагы Жергиликтуу Кенешинин депутаты Кармышева Айдайдын катышуусунда аялдардын шайлоого талапкер болушу боюнча маек болду.
30% квотаны резервдөө боюнча өз оюн айтып, негизи эле аялдар шайлоого катышса, социалдык көйгөйлүү маселелер көбүрөк чечилет эле деп билдирди. Айыл жергесиндеги аялдарды активдуу болууга чакырып, шайлоого катышуудан коркпой, тартынбай аракет кылуу керектигин айтты. Өзү дагы келерки чакырылышта өзүнүн талапкерлигин коерун айтып, учурда ага даярдыктарды көрүп баштагандыгын белгиледи.
Даярдаган: Гульзат Байгазинова