Ак-Талаа райондук өнүктүрүү фондусунун биринчи отуруму өтүп, анда фонддун 2025-жылдагы аткарган иштери, ишке ашкан долбоорлор жана бөлүнгөн кражаттар тууралуу отчету угулду. Андан соң фонддун жаңы курамы тааныштырылып, быйылкы 2026-жылы аткарылчу иштердин мерчеми түзүлдү.

Ошондой эле алгачкы алты айына экономикалык жана социалдык багыттагы долбоорлор кабыл алынып, талкууланды. Мындан сырткары долбоорлорго берилген каражаттарды максаттуу жана туура пайдалануусун көзөмөлдөө боюнча атайын комиссия курамы түзүлдү. Мындан ары комиссия долбоорлордун ишке ашуусу боюнча жеринде мониторинг жүргүзөт.

Даярдаган:Барчын Мамытбекова