Кыргызстанда эрекектердин ден-соолугу учурда маанилүү көйгөй болуп келет. Саламаттык сактоо Министирлигинин билдиргени боюнча, 76% эркектер урология ооруларынан жабыр тартышат. Ал эми Урология бөлүмүнүн билдиргени боюнча, көбүнчө бөйрөк жана жыныстык органдардын оорулары басымдуулук кылат. Таза эмес экология, сапатсыз тамак-аш жана туура эмес жүрүм-турум ушундай факторлор адамдын ден-соолугуна терс таасир берип жатат.
Таластагы урология бөлүмүнө кайрылган эркектердин саны соңку кездери көбөйгөнү байкалат. Алардын басымдуу бөлүгү бир топ жылдан бери ооруп жүргөндөр. Бирок убагында дарыгерге кайрылган эмес. Текшерүүгө келгендердин бири – Таалай, ал Бакай-Атанын тургуну. Текшерүүгө келген ондогон эркектердин арасынан ушул жигит гана өзүнүн абалын айтып берүүгө макул болду. Бирок атын өзгөртүүгө жана сүрөткө түшкүсү келбегендигин айтты.
«Кыргыз жигиттери доктурга барып, көрүнгөндөн уялышат. Жыныстык жерлерин көргөзгөндөнбү. Убагында көрүнбөгөндүн жыйынтыгы жаман. Көп тердейбиз, суукта жүрөбүз, муздак жерде отурабыз ушуларга көңүл бурбайбыз, ошонун азабынан сыз өтөт простата бездерине. Ден-соолугубузду жаштыгыбыздан чын көрөберебиз».
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, учурда эркектердин ден соолугу абдан начар. Ден соолукту кароо — ар бир жарандын колунда. Саламаттыкка көңүл буруп, туура тамактанууга өтүп, пайдалуу витаминдерди жесе, спорт менен такай машыкса жашоосу узарышы мүмкүн. Самара Солтонова, темабыз тууралуу өз оюн билдирди.
«Эркек адамдан көп нерселер көз каранды. Анан ар ким өз ден-соолугун чындап. Кыргыздарда ооруканага көрүнүү деген жок. Башына оору түшкөндө гана доктурга көрүнөбүз. Ар бирибиз өзүбүзгө жакшы карасак, ошодон үй-бүлө башталатда. Дени сак эркек деп, бул адам өзүн жакшы алып жүрүш керек, туура тамактаныш керек, ичимдиктерден алыс болуш керек».
Мамлекеттик деңгээлде бир катар улуттук программалар бар, мисалы, эне жана баланы коргоо, репродуктивдүү ден соолук маселелери ж.б. Бирок эркектердин ден соолугу тууралуу бир дагы жерде айтылбайт. Эркектердин коомдогу орду төмөндөп кетти жана алар учурда коомдун кубатсыз мүчөлөрүнө айланышууда. Эркектер коомубузда кездешүүчү ар кыл ооруларга бат кириптер болушат жана аялдарга салыштырмалуу орточо жашоо мөөнөтү кыйла кыскарып бара жатат. Жыл өткөн сайын бул процесс тереңдөөнүн үстүндө.
2004-жылдан бери жыл сайын облус борборлорундагы бейтапканаларда “Эркектердин ден соолук жумалыгы” өтөт. Мырзалар бул убакытта акысыз текшерилсе болот. Бирок азырынча бул демилге майнаптуу натыйжа бере элек. Коомчулукта мындай акцияларды облус борборлорунда гана эмес, ар бир эмканада өткөрүү зарылдыгы айтылат. Анткени элеттик мырзалар көп учурда дарыгерге кайрыла бербейт. Баса, мырзалардын саламаттыгы начарлап баратканы менен Кыргызстанда анын алдын алууга багытталган атайын китепчелер жана бюллетендик көрнөктөр да аз.
Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова.