Нарын районундагы «Учкун» жамааттык мультимеда борборунун төрт кабарчысы 4-май күнү “Мыкты макала сынагынын” жеңүүчүлөрү болуп, смартфондорго ээ болушту.
Сынактын эрежеси боюнча коомдук тармактарда кызуу талкуу жаратып, окурмандардын көп добушун чогулткан жаңылыктардын авторлору жеңүүчү деп табылышкан.
“Алмаз байке тренинг өтүп, анын сынагына катышып калдым. Негизи сынакка ондон ашык жаңылык жаздым. Алардын ичинен мектеп окуучусу муздан айкел жасаганы жөнүндө жаңылык жазып, көп добуш топтоп жеңүүчү болдум. Сынакка жазам деген окуучулар көп эле болду”, — деди смартфон утуп алган Бекмырза Нурлан уулу.
Тренерлердин бири Бегимай Бекмуратованын окуучусу Гүлзар Казиева жазган жаңылыгы сынактан жеңип чыгууга өбөлгө түзгөн. Мындан кийин смартфонду пайдалуу жакка колдонуп, айылдын көйгөйлүү жаңылыктарын жазам дейт.
“Мен сынакка чоң апам жөнүндө жаңылык жазгам. Ал жаңылык 600дөн ашык добуш топтоду. Сынакка катышуума Найзабек байкем жардам берди. Сынакка бештен ашык жаңылык жазгам. Уттум деп укканда аябай сүйүндүм, сүрдөдүм. Эми уткандан кийин көп жаңылык жазам деп ойлойм. Керектүү жакка пайдаланам. Ушул смартфон утканыма Найзабек байкеме ыраазычылыгымды билдирем”, — дейт жаш кабарчы Гүлзар Казиева.
Найзабек Мукамбетовдун окуучусу 1700 упай топтогон Жанара Баялиева да смартфон утуп алды. Анын жазган жаңылыгы коомдук тармактарда көп кызыгууну жараткан.
“Мен бир жылдан бери смартфонду күтүп жаткам. Буюрса тилегим орундалды. Телефонду эми жакшы жактарга гана пайдалануу керек. Эми ноутбуксуз эле жаңлыктарды үйдөн жазууга жакшы шарт түзүлдү”, — дейт Баялиева.
Даярдагандар: Гүлзар Казиева, Калыс Төрөгелди уулу, Саламат Мажик кызы.
Редактору: Бегимай Бекмуратова.