Үстүбүздѳгү жылдын март айында Эшманбет Кендирбаев атындагы жалпы орто билим берүүчү Барскоон орто мектеби үчүн чоӊ жаӊылык болду. Бул мектептин 9-классынын окуучусу Афтандил Тѳлѳнов «Акыл Ордо» интелектуалдык телетаймашына катышып келди.
Ал ага жѳн гана катышпастан 1-турунда I орунга, ал эми финалда II- орунду багындырып келди. Ээлеген орду үчүн интелектуалдык таймаш Афтандилге кубок, китеп жана ыраазычылык катын тапшырды. Ѳзүнүн ийгилиги жѳнүндѳ Афтандил мындай деди:
«Мая эжей деген бир жыл мурун эле сен «Акыл Ордого» барсаӊ болот деп, атама дагы мамама дагы айтып жүрүптүр. Жети тоонун таймашы деп ар бир райондон бирден окуучу деп, биздин Барскоон мектеби күчтүү деп бизди тандагандыктан ошентип эле катышып калдым. Биринчи барганда эле 5-сезон болду бешинчи сезонго туш келиптирбиз. Бешинчи сезондон утканда мага «Акыл Ордонун» ѳзүнүн кубогун беришти. Анан бир саатан кийин эле супер финал болот деп бизге айтып коюп, биз эс алганы чыгып кеттик. Финалдан II орунду алып калдым. Улуу кишилердин ойлору, алардын цитата, офоризмы деп китеп, «Ыраазычылык кат» беришти.
Интелектуалдык телетаймаштын жүрүшүндѳ Афтандил ѳз мугалимдерине ыраазычылык билдирип жатты. Чынында эле, мугалимдердин салымы жок деп айтууга такыр болбойт. Мектеп завучу Жыргал Алыбаева менен байланышып, мугалимдердин сүйүнүчүн жана сезимдерин биле алдык:
«Афтандил кѳптѳн бери эле максат кылып жүргѳн «Акыл Ордого» катышсам депчи. Ошого жакын бизге кайрылып жатпайбы, эжей «Акыл Ордого» кандай жол менен байланышса болот экен деп. Анан ал жол-жобосун таакычакта бизге райондон бизге кѳрсѳтмѳ келип калды да. Бир балаӊарды «Акыл Ордого» даярдай бергиле деп. Силердин мектеп катышат деп. Анан бизде каалаган киши менен жобо менен дал келип калды да Афтандил катышып калды да. Менимче Афтандил татыктуу оюун кѳрсѳттү деп эсептейм. Тандоо туруна да катышып калды анан финалга да катышып келди да. Анын жеӊиши ошол болду деп эсептейм. Тандаган категорияларын кѳрдүӊѳр да ѳзүӊѳр «Дүйнѳлүк кино» деген татаал категорияны анан физиканы тандады. Экѳѳнѳ теӊ жакшы упай берди. Физикадан анан дүйнѳлүк кинодон 7-6 суроолорго жооп бериш жакшы оюун деп ойлойм. Башка ийгиликтерди да күтѳбүз. Балким эл аралык деӊгээлдеги конкурс, сынактарга катышат го деп ишенем.
Афтандилдин мектептен тышкары бир дагы курстарга катышпагандыгын билдик. Ал жѳн гана мектептин программасы жана үйдѳгү ѳз алдынча китеп окуу гана анын ийгилигине кѳмѳкчү боло алды деп айтууга болот. Үй-бүлѳсү тарабынан дагы колдоо болбой койгон жок. Ата-энеси Афтандил окуйм деген китептерди алып берүү менен ага туура жол кѳрсѳтѳ алышты. Бул жетишкендик жалгыз гана мектеп үчүн эмес, айыл үчүн дагы чоӊ жаӊылык болду. Бул жѳнүндѳ айыл тургуну Аманкан Мамбетова тѳмѳнкүлѳргѳ токтоло кетти:
«Мен абдан кубанычтамын ушул мектептен бир окуучу Республиканын деӊгээлинде айылдан жалгыз барып ошол Акыл Ордого катышып, анан ошол катышканда дагы башка Акыл Ордонун катышуучуларындай болбой оорурак жагын тандап алып токтоо, салабаттуу , билимдүү инсан катары абдан жакшы жооп бергенине жана финалга чыгып финалда да жеӊүүчү болгонуна, кубок алганына кубанычтамын. Менин каалоом Афтандил кайсыл багытты кѳздѳсѳ дагы, кайсы сферада болбосун ошол жерде Кыргызстандын жашоонун баардык тармактарын камтыган кыргыздын жакшы атуулу болот деп билем».
Афтандил биздин айылдагы «Акыл Ордо» интелектуалдык телетаймашына катышкандардан биринчиси болду. Кыргыз макалында айтылгандай «Утуш бирѳѳнүкү, сыймык баарыныкы». Афтандилге мындан ары дагы чоӊ жетишкендиктерди жана ийгиликтерди биздин жалпы жамааттын атынан каалайбыз.
Даярдагандар:Барскоон айылындагы Э.Кендирбаев атындагы орто мектебинин окуучусу Айдай Кудайбергенова жана Жаныбек к Нуржан.