17-апрель күнү атайын Бишкек шаарынан келген Д.Садырбаев Бишкек шаарында өндүрүлгөн «Кыргыз-Гумат» комплекстүү минералдарга бай жер семирткичин Барскоон элине сунуштап дыйкан-чарбада керектүү маалыматтарды, кеӊештерди бере кетти. Фермерлердин кайсы мезгилде, кайсы маалда жер айдатса боло тургандыгы жөнүндө кенен маалымат берди. Айыл тургундарынын суроолоруна жооп берилип, элдин көӊүлү көбүнчө отоо чөптөргө бурулду.
Иштин жүрүшүндө: үрөндү чылоо, сугаруу жана чачуу жөнүндө кеӊири маалымат берилип, ошондой эле ошол маалыматтарды камтыган баракчаларды таратты. мындан тышкары атайын жарнама катары курт-кумурскалар учун жаны даарыларды ала келип сатып кеткенге да улгурду. коп жылдык стажысы бар байкебизден коп нерселерди да уйронуп алдык.
Эгер «Кыргыз-Гуматтын» эрежелерин так аткарса айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү 30% жана жогору болушуна кепилдик берди. Берилген маалыматтардын баардыгы керек жана иште пайдасы тиет деп Барскоон айылынын тургундары ишенишет. Д.Садырбаев агабыздын ишине жана «ADAID» фирмасына ыраазычылыгыбызды билдиребиз жана ийгиликтерди каалайбыз.
Даярдаган: Айдай Кудайбергенова