Быйыл Улуу Жеӊишке 70 жыл. Дал ушул майрамдын урматына Микрофинансылык компания «Финансылык Компоньон группасынын» филиал менеджери Саламат Исаев Турганбаевич да кур кол отурбастан өзүнүн кызматкерлери менен биргелешип Улуу Жеӊиштин ардагери Асанбай Сааданбеков атабызга өз белектерин тапшырып, тамак-аш жагынан да жардам беришти.
«Финансылык Компоньон группасы» буга чейин дагы көптөгөн балдар үйүнө, кары картаӊдарга, мектептердин тамак-аштарына жана картошка отургузуу, жер айдоо, жашылдандыруу иштерине, көп жардам берип келишкен. Берилген жардам тууралуу филиалдын менеджери Саламат төмөндөгүлөргө токтоло кетти.
« Бул жардам Улуу Жеӊиштин 70 жылдыгына карата согушта болгон ардагерлерге арнаганбыз. Мындан тышкары Барскоон айылында өзүбүздүн офисибиз бар. Биз бул жерден элдерге кридит беребиз, дагы айылдагы карылган адамдарга жардам беребиз. Бул жардам өзүбүздүн коллективде иштеген балдардын атынан ошондой эле компаниянын атынан берилип жатат. Атабыздан кат түшкөндүгүнө байланыштуу, биз каты карап көрүп чоӊдорго жибергенбиз. Чогу эмгектенген балдар баарыбыз сүйлошүп тамак-аш жагынан жардам берели деп чечтик. Жардамыбыз ушуну менен эле чектелбестен дагы каралашып турабыз» деп билдирди филиалдын менеджери.
Барскоон айылында ушул сыяктуу компаниялар аз эмес. Ар бир микрокредиттик компания айылдагы кары- картаӊдарга, жетимдерге жана майыптарга жардам көрсөтүп турушса жаман болбос эле. Микрофинансылык компания «Финансылык Компоньон группасынын» иштерине ийгилик каалап, дагы да болсо айыл тургундарына жардамдарын аябайт деген үмүттөбүз.
Даярдагандар:Айдай Кудайбергенова, Эрлан Абласов