Герефорд тукумундагы уйлар табигый шартта бордоп семиртүү үчүн эң мыкты тукумдардын бири. Жергиликтүү тукумдарды өркүндөтүү жана жеке чарба жүргүзүү үчүн бул бодо малдар көп багылат. Герефорд тукумундагы бодо малдын артыкчылыгы кандай?
1. Герефорд бодо малынын өзгөчөлүгү кандай?
1. Герефорд тукумундагы бодо мал эт багытына мүнөздүү болгон салмагы менен айырмаланат.
2. Бул тукумдагы бодо мал азык ылгабай, ар кандай шартка туруштук бере алат.
3. Мал өзүнүн жогорку салмагынан тышкары, жогорку продуктуулугу жана узак жашоосу менен белгилүү.
4. Уйлар оңой эле тууп, тукумдары чанда өлүмгө дуушар болот.
5. Жаныбарлар агрессивдүү мүнөзү менен айырмаланбайт, ошондуктан аларды багуу жеңилдик жаратат. Герефорддор белгилүү бир аймактын шартына тез көнүшөт. Кыш мезгилинде дагы жаныбарларды сыртка чыгарбай багууга болот.
6. Бул тукумдагы уйлар кургак учукка жана жугуштуу ылаңдарга туруктуу.
2. Герефорд тукумун багууда кандай көйгөй бар?
Ооба. Герефорд тукумундагы уйларды багууда көп азык коротулат. Алдын ала эсепке ылайык, кыш мезгилинде 15 уй орточо эсеп менен 200 тонна чөп жейт. Мындан тышкары, бул тукумдагы малды шамалдан коргоо керек. Эгер, мал шамалдап калса, жаныбар табитин жоготот. Мал турган жерди жылчык жана тешиксиз кылып уюштуруу зарыл.
3. Герефорд тукумундагы уй сүттү кандай берет?
Герефорд тукуму сүттү аз берет, андыктан мал дээрлик саалбайт. Орто эсеп менен эмизип жаткан музоолор 8 айга чейин кармалат. Жаныбарлар байланбайт, аларды ачык сейилдөөчү жерлерде же жеңил бастырмаларда багышат. Мал кармалган жай кургак болушу керек. Музоолору бар уйлар үчүн короолор орнотулуп, суу ичүүчү жай камсыздалышы керек.
4. Герефорд уйларынын азыктануусу кандай?
Бодо мал азыкты ылгабайт. Анын бул сапаты каражаттын үнөмдөлүүсүнө жакшы шарт түзөт. Бирок, герефорд эт багытындагы мал болгондуктан, чөп көп керетелет. Чөп — бул мал жандыгынын тамактануусунун негизи. Аларга туздуу арпа дагы берилет. Чөптөн тышкары, тукумун багып жаткан уйлардын рационуна кесек тоют, силостук жана минералдык кошумчалар, сөөк уну, трикальций фосфаты жана башкалар болушу мүмкүн. Букалар сапаттуу буурчак же дан өсүмдүктөрүнүн чөбүн, ширелүү тоютту жана концентраттарды алышы керек. Алардан тышкары, күнүмдүк рацион белокторду, кальцийди жана фосфорду камтышы керек.
Үч айга чейинки музоолордун негизги тамагы — энесинин сүтү. 15 күндөн баштап музоолор кошумча азык катары чөп ала алышат. Репродуктивдик мүмкүнчүлүктөрдү жакшыртуу жана салмакты көбөйтүү үчүн, алар 200 кг салмак кошкондо энеден ажыратылат.
5. Малды асылдандыруу жана багуу
Герефорд тукумундагы мал чарбасын жүгүртүүдөгү негизги максат — жогорку сапаттагы этти алуу. Бул тукумдагы уйдун терисинин калыңдыгы жана ийкемдүүлүгү — анын жогорку сапатынан кепилдик берет. Аталган малдын терисинен бут кийим, сумка жана капчыктар жасалат. Герефорд ую репродуктивдүүлүк жөндөмүн өмүр бою сактап калат. Малдын картайышы жаңы туулган музоонун саламаттыгына таасирин тийгизбейт.
6. Герефорд тукумундагы музоолор
Герефорд тукумундагы музоолор 25 кг салмакка чейин туулат. Салмагы аз болгондуктан, уй эч кыйынчылыксыз жана адам жардамысыз тууйт. Эгерде музоо бөлмөсүндөгү тазалык сакталып турса анда алар дээрлик ылаңдабайт. Алардын тирүү калуу деңгээли 98% ды түзөт.
7. Герефорд тукумундагы уйлардын салмак алуусу кандай?
Уйлар абдан тез өсөт. Бир жашында букалар 320 кг, кунаажындар 270 кг чейин жетет. Бир жарым жылдын ичинде бул көрсөткүчтөр 400 жана 430 кг чейин көбөйөт. Күнүнө орточо салмак кошуу 1100 грамм салмакты түзөт. Букалардын эң жогорку салмагы 1500 кг. Башка асыл тукум уйлар менен аргындаштырганда, алар дагы герефорд өңдүү эт өндүрүмдүүлүгүнө ээ болот. Бодо малдын жыныстык жактан жетилүүсү 2 — 2,5 жашта болот.