Дүйнөлүк желе маанисиндеги интернеттин пайда болуу тарыхы XX-кылымдын экинчи жарымына барып такалат.
1957-жылы АКШнын коргоо министрлигинин алдында уюшулган Алдыңкы Изилдөө Долбоорлорунун агенттиги (ARPA) 1969-жылдын 1-сентябрында изилдөө институттардын ортосундагы компьютер аркылуу маалымат алмашууну камсыз кылган алгачкы бириккен желени түзүп чыгат. Интернеттин бул алгачкы түрү биринчи Арпанет деген аталышта дүйнөгө жайыла башайт.
Ал эми 1971-жылы Bolt Beranek and Newman аттуу компьютердик фирманын программисти Рэй Томлисон алгачкы электрондук почтаны жана @-электрондук белгини иштеп чыгат. 1982-жылы Арпанет TCI/IP аталыштагы бирдиктүү тармактык тилди түзүп чыгуу менен азыркы интернет келип чыккан. Кыргызстанга болсо интернет 1995-жылдан тартып келе баштаган. Алгач болуп интернет баракчаларын чектөөгө алуу 1999-жылдан баштап катталган.
2008-жылкы маалыматтарга караганда дүйнө жүзүндөгү интернет колдонгондордун саны 1.4 миллиард адамга жеткен жана бул көрсөткүч убакыт өткөн сайын жогорулоодо. Дүйнөнүн башка бурчтарындагыдай эле Кыргызстанда да интернет колдонучуулардын саны күндөн күнгө артып өзгөчө Бишкек шаарында интернет кафелер жана алардын тармактары көбөйүү менен алек.
Ал эми азыркы учурда интернеттин пайда зыянын жөнүндө Талас шаарынын тургундарынана сурамжылоо жүргүзгөнбүз.
Даярдагандар: Асель Оморова, Чолпон Сабитова