Учурда «Ысык-Кѳл облусунун Жети-Өгүз районунда кыргоолчулукту ѳнүктүрүү» долбоору ишке ашырылууда. Долбоордун негизги максаты биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана агрардык сектордо фермерлик чарбаларды түзүү.
Бул кыргоолдорду багуунун негизги максаты, жапайы жаратылыштагы Семиреченский кыргоолунун мыйзам менен чектелген санын сактоо. Андан тышкары чарбаларды түзүү менен райондун тургундарына жаӊы киреше булактарын кѳбѳйтүү болуп саналат.
Барскоон айылындагы кыргоол фермасынын жетекчиси Талат Шергазиевдин айтымында, долбоордун негизги максаттарынын бири Жети-Өгүз районунун айылдарынын биринде кыргоолду кармап кѳргѳзүүчү жай куруш керек эле. Кыргоолдорду кармап кѳргѳзүүчү жайдан үч жыл аралыгында жыл сайын 50 баш кыргоолду багып жапайы табигатка кое берип кѳбѳйтүү.
Барскоон айылындагы кыргоол фермасынын жетекчиси Талат Шергазиев
«Бул жапайы жаныбарды Ысык-Кѳл облусунда биотүрдүүлүктү кѳбѳйтүү боюнча, браконьерлерге каршы санын кѳбѳйтүүгѳ салым кошсокпу деген. Андан тышкары, мыйзам жолунда элдерге жеткизип, элдер багып кѳбѳйтүп, андан тышкары мунун эти дагы аябай дары келет экен. Жылына биздин проекти боюнча элүүнү жапайы айлана-чѳйрѳгѳ кое берип салымыбыз ошол болот. Бир жылда элүүдѳн баш. Андан калганын эт багытында кѳбѳйтүү багытында колдонобуз деген ниетибиз болуп турат».
Жапайы жандыктарды багууда мүнѳздѳрүн түшүнүү абдан оор келет. Алардын ар бирин эркин жашоодо жана жаратылышка кое берген учурда алар ѳз алдынча жашап кетүүсүнѳ шарт түзүп берүүгө аракет кылуудабыз дейт Талант мырза.
Барскоон айылындагы кыргоол фермасындагы кыргоолдор
Кыргоолдорго берилүүчү жумшартылган буудай
Талант мырзанын кыргоолдорун тамактандыруу учуру
«Эртеӊ менен эрте келебиз дагы биринчиден, нымдуураак топурактын арасында сѳѳл жыланы бар топурактардан салабыз. Жаратылышка кое бергенде дагы ѳзүлѳрү жашап кеткендей кылып бакканга аракет кылып жатабыз. Азыр эт берип багып жатабыз, бир жумада бир эт беребиз. Жүгѳрү берилет, кошулмасы бар ар кандай даяр азыктар берилет. Андан тышкары буудайды жумшартып, көптүрүп туруп беребиз».
Бул долбоор башталганына үч ай болуп калды. Инкубаторлордо кыргоолдун жумурткалары балапан чыгарууга даяр болуп калган учуру. Пландалган боюнча күзгѳ чейин кыргоолдун 120 жумурткасын инкубатордо бастырып чыгарып, аларды ѳстүрүп анан райондун ар бир айылынан тандалган фермерлерине таратып берилерин да фирманын жетекчиси кошумчалай кетти.
Инкубатордогу кыргоолдун жумурткалары
Инкубатордогу жумурткалардан балапандар чыгууга даяр болуп калган учуру
Инкубатордон чыккан кыргоолдун 3 күндүк балапандары
«Буюрса эми биринчи партия жѳжѳлѳр чыкты. Май, июнь айлары толук кандуу ошол жѳжѳ чыгаруу менен алектенебиз деп жатабыз. Биринчи ошол райондогу кийинки проектинин ээлерине толуктап берсек андан кийинки жылдары анан кое бере баштайбыз».
Ферманын жетекчисинин билдиришинче кыргоолдун эти тамак даярдоодо эӊ даамдуу, жумшак жана калорияга эӊ бай келет дейт.
100 грамм кыргоолдун этинин калориялуулугу 254 ккалды түзѳт. Ал эми белок-18 грамм, майлар-20 грамм, углеводдор-0,5 грамм, суулар-65 грамм жана күлдүн курамы -1 грамм. Пандемия учурунда эӊ зарыл болгон азык заттардын бири болуп эсептелет.
Кыргоол жумурткалары
«Эми муну деген кѳбүнчѳ кафе, ресторандарда суроо талап жогору экен. Булардын эттерине деген эч кандай маринаддын кереги жок болот экен. Кошулмаларысыз эле даярдоого болот экен. Ошого карата буга суроо талап күчтүү болот экен. Жумурткасын базар баасында 100 сом деп бааланат экен. Биз азырынча сата элекпиз, кѳбѳйтүүнүн эле үстүндѳбүз».
Негизинен бүгүнкү күндѳ Барскоон айылынын фермасында 50 кыргоол багылууда. Келечектеги дагы кѳбѳйтүү пландалууда. Мындан тышкары иш кылам деген фермерлерге эч кандай илдет тоскоолдук жаратпай тургандыгын жана кыргоол багуу ѳзүнчѳ эле бир керемет экенин ферманын жетекчиси Талант Шергазиев кошумчалай кетти.
Пандемияда киреше түшпөй калды
Гүлкайыр Осмоналиева