Бала тарбиялоодо атанын тарбиясы абдан маанилүү жана зарыл. Албетте бала үчүн апа эң башкы орунда турарында шек жок, бирок балага тарбия берүү үчүн атанын орду чоң мааниге ээ. Бала тѳрѳлгѳндѳн баштап эле ага бирдей кам кѳрүү, туура тарбия берүү ата-энеге тең бирдей бѳлүштүрүлүшү керек. Ата-эненин балага кѳрсѳткѳн бирдей колдоосу, сүйүүсү жана тарбиясы- баланын ийгиликтүү ѳнүгүүсүнѳ жол ачып келет.
Кѳпчүлүк учурда аталар материалдык маселелерди чечип берүү менин милдетим, ал эми бала тарбиялоо аял затынын милдети деп кабыл алып келишет. Ошондон улам бала тарбиялоого кѳп катышпай четтеп келишет.
Бирок, баардык аталар баланын тарбиясына сырттан карайт деп айтуудан алыспыз. Себеп дегенде жумушун экинчи орунга коюп, балдардын тарбиясына биринчи орунда маани берген аталар да бар.
Бала тарбиясындагы аталардын орду боюнча тѳмѳнкү аудиосюжеттен толугу менен уга аласыздар.
Гүлкайыр Осмоналиева