Коомчулукта жаш жубайлардын үй-бүлөнү пландаштыруусуна таасир эткен факторлор көп. Алардын кеңири жайылганы жакындардын кийлигишүүсү. Бул айрым учурда түгөйлөргө басым иретинде дагы айтылат.
Бул чыгарылышта үй-бүлөнү пландаштырууда түгөйлөрдүн жакындары анын ичинде кайнененин ролу деген темада тажрыйбалуу кайнене 4 баланын апасы, 19 неберенин энеси Качкынбүбү Сулайманова менен маектешебиз. Качкынбүбү Сулайманова кыздарга сеп болчу сандыктарды сатат. Ал жыл айланбай эле кардарлары бешик алуу учун кайтып келишерин айтат.
-Саламатсызбы, сандык сатып, даярдап ишкерлик кылганыңзга канча жыл болуп калды?
-Бул биздин үй-бүлөлүк бизнес. 20 жыл болуп калды. Жолдошум жыгач уста. Сандык, бешик жана башка жыгач буюмдарын жасачү, мен болсо аларды ушул жерде олтуруп сатам. Мурда ар бир бешикти, сандыкты өз колу менен жасачы, кийинчирээк инсульт алып бул жумуш оор болуп калды. Бешиктерди даяр эле Бишкектен алдырабыз,ал эми сандыктарды кичүү күйөө балам жасайт. Анын да устаттык таланттары бар”
-Күйөө балам деп калдыңыз, өзүңүздүн турмуш курганыңызга канча жыл болду? Балдарыңыз үй-бүлө курушканбы?
-Жолдошум экөөбүз үй-бүлө курганыбызга 49 жыл болуп калды. Төр балам бар, алардын жалпысынан 19 небереси бар.
Улуу балам үй-бүлөсү менен чет өлкөдө. Келиним дипломат. Анан жумушуна байланыштуу кетишкен. Кийинки балам соодагер. Анын дагы 5 баласы бар. Келиним азырынча балдарын карап үйдө олтурат, бирок выпечканы абдан жакшы жасайт. Таттууларды закзка жасайт.
Анда кийинки кызым жолдошу менен өз кафесин иштетет. Алардын да 5 баласы бар.
Кенже кызым эле 4 балалуу. Ал жолдошу экөө биз менен чогуу иш алып барышат.
-Үй булөнү пландаштырууда ата-энелердин кийлигишүүсүнө кандай көз караштасыз?
-Мен кыздарыма,келиндериме эч качан андай чектөө койгон эмесмин. Көп балалуу болгон жакшы, бирок ден соолуктун мүмкүнчүлүктөрунө караш керек. Жылда төрөгөн келиндердин өздөрүнө зыян. Биринчиден, жыл сайын төрөгөн келин толук ден соолугу толук калыбына келбейт. Ичиндеги бала да жетилбейт,оорулуу болуп калышы мүмкүн. Ошол үчүн балдардын арасын аз дегенде 2 жыл кылыш керек колдон келсе. Азыркы келиндерде витамин жок,ал биз бүгүн жеп жаткан тамак ашка байланыштуу. Илгери тамак күчтүү болгондо апаларыбыз жыл сайын төрөй беришчи. Азыркы келиндерде витамин жок, жыл сайын төрөгөнгө алар даяр эмес.
— Неберелерди каралашканга жардам берип турасызбы?
-Албетте, неберелер абдан таттуу болушат да. Азыр көп келиндер балдарын кайненелерине бергиси келбейт. Бирок чоң ата, чоң апа каралашкан бала башкача болуп чоңоет. Неберелибиздин көп болгону биз үчүн жакшы да. Менин эсимде, эки келиним бир жылда 3 бала төрөштү. Анын экөөнү бешикке салып, бирөөсүн бутума терметип карап отурчумун келиндерим жумуштарын бүтүрүп жургөнчө. Мен бардык неберелеримди бешикке салып чоңойтком. Алар дайыма жылуу, кургак болушуп, оорушчу эмес. Памперс чыккан жылдары бешиктерибиз өтпөй калган учурлар болгон. Кийин эл анын зыян экенин түшүнүп, акыркы жылдары кайра бешикке суроо талап пайда болуп калды. Неберени чоң ата, апага берип турган жакшыда жаштар өз жумуштарын бүтүрүп, эс алууларга барып турушат, бизге болсо эрмек.
Балдарыбызды үйлөнтүп, жайгаштырып бүтүп, эми кезек неберелерибизге да келип калды. Жакында 3 неберем үй-бүлө курат. Эми небере келиндер менен малиме түзүү керек.
-Үй бүлөгө жаңы келген келинге кандай мамиле кылуу туура деп эсептейсиз?
-Келинди өз кызыңдай көрүш керек, колдон келсе ал менен курбу да болуу керек. Көп энелердин катасы келини менен сүйлөшпөйт, сыры менен бөлүшпөйт.
Жаны келин алсак, окутабыз, жумуш иштейм десе карышы болбойбуз. Мынча бала төрө деп чектөө койбойбуз. Ал эми келиниме бере турган кеңештерим, балдарды төрөгөндо ортосунда аралык болушу керек, баланы бешикке бөлөйбүз, телефон дегенди азыраак берип, балага көбүрөөк көңүл буруу, чоңойсо бала бакчага берүү. Бала бакча деген жакшы да, ал жактан бала көп нерсени үйрөнөт. Созсуз,келинибиз озу жөнундө унутпай окуп, өнуксун.
Ошондо балдарга жакшы тарбия берет деп ишенем.
Үй-бүлөнү пландаштырууда кайнененин ролу бул эң биринчи небере багуучу няня жана тажрыйбасы менен бөлүшүүчү, кеп кеңеш берүүчү адам деп эсептейм.
Маегинизге чон рахмат!