Кант шаарынын тургуну Нуржан Эгембердиева президент Садыр Жапаров менен жолугушууда Бириккен Улуттар Уюмунун тынчтык орнотуу миссиясына катышып жүрүп каза болгон жолдошу Бакытбек Эгембердиевдин өлүмүн кызматтык милдетин аткаруу учурунда болгон деп таануу маселесин кайра кароону өтүндү.

Анын айтымында, жолдошу Ички иштер министрлигинин академиясында чет тилдер кафедрасынын доценти болуп иштеген. Ал 2006–2009-жылдары Африканын Либерия Республикасында БУУнун тынчтык орнотуу миссиясына катышкан. Ал эми 2013-жылы Түштүк Судандагы миссия учурунда каза болгон.
«Мен беш бала менен калдым. 2013-жылдан бери жолдошумду кызматтык милдетин аткаруу учурунда каза болгон деп тааныбай келишет», — деди Нуржан Эгембердиева.
Жолугушууда Ички иштер министрлигинин өкүлү Бакытбек Эгембердиев акыркы миссияга министрликтин тиешелүү уруксатысыз, жеке тартипте кеткенин билдирди. Анын айтымында, ал Түштүк Суданда безгек оорусуна чалдыгып, каза болгон. Ушундан улам анын өлүмү кызматтык милдетин аткаруу учурунда болгон деп таанылган эмес.

Бирок Нуржан Эгембердиева бул түшүндүрмөгө макул эместигин билдирип, жолдошунун миссияга баруусу мыйзамдуу болгонун айтты. Ошондой эле окуядан кийин өзүнөн 4 миң доллар пара талап кылынганын билдирди.
«Аллахтын алдында ант берем. Мен кайгыга батып, кичинекей балдар менен калган учурда менден 4 миң доллар пара сурашкан», — деди ал.
Кайрылууну уккан президент Садыр Жапаров Президенттин администрациясына иштин жагдайларын текшерүүнү тапшырды.
«ИИМдики туурабы же Нуржан айымдыкы туурабы — текшерип чыккыла. Эгер документтери болуп, уруксаты менен кеткен болсо, анда мамлекеттин атынан кызмат учурунда каза болгон деп таануу керек. Эгер ИИМ айткандай документтери жок болсо, анда башка маселе», — деди мамлекет башчысы.
Ошондой эле президент Нуржан Эгембердиевага жолугушуудан кийин жазуу жүзүндө арыз калтырууну сунуштады.
Белгилей кетсек, Бакытбек Эгембердиевдин миссияга жөнөтүлүшүнө байланыштуу жагдайлар жана пара талап кылуу боюнча айтылган доомат азырынча расмий тастыктала элек. Президенттин тапшырмасы менен бул маселелер текшерилүүгө тийиш.
Даярдаган: Венера Шонкоева