Ар бир бойго жеткен кыз сүйлөшүп жүргөн жигити канчалык камкор күйөө болорун түшүнүүгө аракет кылган учур болот. Эгер сиз жигитиңиздин иш-аракеттерине баамчылдык менен баа бербесеңиз, анда анын кулк мүнөзүн да биле аласыз.
Сиз сүйлөшүп жүргөн жигит сизди бактылуу кыла турган адам экенин кантип түшүнсө болот? Өзүңүзгө чынчыл болуп, сүйүктүүңүзгө төмөнкү сөздөрдүн тиешеси барбы же жокпу деп ойлонуу жетиштүү.
Сөз анын апасы, эжеси же сиз жөнүндө эмес. Жалпы аялзатын урматтоосу мактоого алынаарлык сапат. Ал кесиптештери, кошуналары, классташтары, мурунку сүйлөшкөн кызы жөнүндө да жаман сөз айтпайт. Болбосо, кайсы бир жагдайдан улам урушуп кетсеңиздер, ал сиз жөнүндө дагы жаман сөздөрдү айтып калышы мүмкүн. Мындай мырзанын мамилеси, жүрүм – туруму ишендире бербейт.
Жакшы адам сизди көйгөйлөрү үчүн күнөөлөбөйт же сиз өзүңүздү күнөөлүү сезүүгө жол бербейт. Ошондой эле, жасап жаткан ишиңиз жөнүндө терс пикирин билдирип, маанайыңыздын чөгүүсүнө себепкер болбойт. Бардык нерсени жактыра бербей, кыйкым тапкам мырзалар да кездешет. Көпчүлүк учурда алар апасын, эжесин балким сүйлөшкөн кызына тамакты даамдуу, жада калса тезирээк даярдабандыгы үчүн ж.б болоор-болбос нерселерге чыр чыгарат.
Сүйлөшүп жүргөн мырзаңыз ата-энеңизди сөзсүз эле сүйүүгө милдеттүү эмес. Бирок аларга сый мамиле кылганы – көңүл жылыта турган урматтын белгиси. Ал сиздин апаңыздын өтүнүчтөрүнө, атаңыздын кызыкчылыгына кандай мамиле кылаарын билиңиз. Эгер, ал сиздин ата-энеңиз менен такыр сүйлөшкүсү келбей тургандыгын, жолугушуулардан ар тараптуу качып, кемчиликтерин айтып жаткандыгын байкасаңыз олутту ойлонууга туура келет. Ата-энеңиз сиздин үй-бүлөңүз экендигин жигитиңиз түшүнүшү керек.
Сараң адам менен жашоо көп көйгөйдүн башаты болушу мүмкүн. Андыктан, турмушка чыга электе эле болочок жолдошуңуз акчага кандай мамиле жасарын жакшылап билип алыңыз. Ошол эле учурда, акчаны ашыкча короткон адам дагы сиздин болочок жашооңузга бир топ таасири тийгизиши толук ыктымал. Анткени, тапканынан көп короткон адамдар каржылык кыйынчылыкка өздөрүн гана эмес, жакындарын да кептейт. Акча дагы туура мамилени талап кылат.
Эгер сүйлөшкөн жигитиңиз мындай пикирди байма-бай билдирсе, этият болуңуз. Үй- бүлөдө үстөмдүк кылып, сиздин пикириңиз менен эсептешпей калышы мүмкүн. Мунун кесепети, түгөйлөрдүн бири-бирин түшүнбөстүгүнө, чыр-чатак жанаа жылуу мамиленин муздашына алып келет.
Бири адамдын пикири экинчи адамдын пикирине толук дал келбеши айдан ачык. Бирок, айтылып жаткан сөздөрдү кунт коюп угуп, өз чечимин чыгаруу, өзүнун кылганы же айтканы туура эмес болуп калса, аны мойнуна ала билүү адекваттуу адамдын кадамы.
Үй бүлөдө бул абдан маанилүү жагдай. Сиз менен келечегин бирге элестеткен адам сизге жардам берүүдөн эч качан баш тартпайт. Анын кымбат ресторанга акчасы жетпеши мүмкүн. Бирок, мисалга алсак апаңыздын буюмдарын бир батирден экинчи батирге жеткирүү үчүн ал убакытты да, күчтү да табат. Ошондой эле өзүңүздүн көйгөйлөрүңүздү байкаган жана чечүүгө жардам бере билген адамдын болуусу жашоодо эң маанилүү.
Анын күнүмдүк жашоодо өзүн кандай алып жүргөнүнө көңүл буруңуз. Алсак, ал үй иштерине кандай караары маанилүү. Заманбап турмушта, эркек – аял дебей бирдей оокат кылуу, өзүнүн иштерине жоопкерчиликтүү болуу маанилүү. Өз кийим кечегин, буюмдарын жыйноодон баш тарткан мырза үлгүлүү ата, камкор күйөө боло албаары бышык.
http://kyrgyzmedia.kg/2020/04/10/j-b-l-zd-n-tapkan-kireshesi-zhugumduubu/
Сизге кандай мырза төп келет? Тест
Касиет Кубанычбек кызы