Сүлүктү шаардык ооруукананын №1-поликлиникасынын жолуна асфальт төшөлүп жатат.»Биздин көктөн күткөнүбүз жерден табылды. Эми бул жол Элге көп жыл кызмат кылсын. Баарыбыз кубанып калдык. Шаар жетекчилерине чоң ыракмат»-дейт башкы дарыгер Асат Арзыбаевич Ибрагимов.
«Бул жол стратегиялык маанилүү жол. Бул жол менен №1- поликлиника, №5-Орто мектеби жана Пушкин көчөсүнүн тургундары колдонот. Жол толугу менен бүткөндөн кийин Каркасная-Товарная каттамына альтернативдүү жол болуп калмакчы, долбоордун маанилүүлүгү бир канча социалдык обьектилер колдонот жана зарыл учурда айланып өтүп туруучу жол катары да колдонулат»-дейт Сүлүктү шаарынын I вице-мэринин милдетин аткаруучу Бакытбек Эркинович Сапаркулов.
Кабарчы: М. Исканов