24-майда Кара-Суу айылынын спорт комплексинде ачылуу аземине арналган күрөш боюнча турнир болуп өттү. Турнирге Жайыл районунун Эриктүү, Степное жана Кара-Суу айылдарынын жаш балбандары катышышты.
“Күрөш боюнча мындай мелдеш Кара-Суу айылында биринчи жолу өтүп жатат. Мелдешти атайлап спорткомплекстин жана ФАП тын имаратынын ачылышына далдап уюштуруп жатабыз.
Ачылуу аземине районубуздун акиминин орунбасары Тилекматов Максат жана Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жетекчиси Дженбаева Насипа келишти. Бул мелдешке кошуна жайгашкан Степное, Эриктүү жана Беш-Терек айылдарынан жаш балбандар келишти.
Жеңгендер үчүн медалдарды Айыл өкмөтү алып берди. Биздин айыл үчүн бул чоң жаңылык, анткени мындай турнир айылда биринчи жолу өткөрүлүп жатат. Кара-Суунун балдары дагы спорттун бул түрү боюнча ийгиликтерге жетет деп ойлойм”,-Какешов Адилет. Ошентип, райондун борборунан алыс жайгашкан айылдарда дагы күрөш боюнча секциялар ачыла баштады.
Даярдаган: Бексултанова Айгерим, Дүйшекеева Сезим