Кыш узап жандуу жаратылышка жан берген жаз мезгилинин жышааны билине баштагандыктан өрүкзарлуу Баткен облусунун башчысы Ж. Разаковдун айлана чөйрөнү тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча атайын буйругу чыккан. Бирок табийгый шарты катаал Сүлүктүдө көрктөндүрүү иштери бир аз (Баткенге салыштырмалуу эки жумадай) кечирээк башталаары белгилүү. Ошого карабастан айлана чөрөнү тазалоо иштери Сүлүктү шаардык мамлекеттик санэпидкөзөмөл борборунда алгылыктуу демилге менен башталганына күбө болдук.
«Биз эртерээк баштаганыбыздын себеби кийин өзүбүз мекеме ишканалардын, соода түйүндөрүнүн жана коомдук тамактануучу жайлардын тазалыгын көзөмөлдөйбүз. Андан сырткары өзүбүз имаратыбыздын айлана чөйрөсүнө гүл өстүрүү пландарыбыз бар. Ошого жетишүү үчүн эрте баштадык»- дейт Сүлүктү шаарынын башкы санитардык врачы М. Исканов
Кабарчы: Анварбек Тухтаров