Кыргыз элинде ата- бабалардан таберик катары калган салт- санаалар учурда кандай нукка бурулуп, өзгөрүүгө дуушар болуп жатат. Жылы бою биринин артынан бири кафе- ресторандарда өткөрүлгөн тойлордон эл тажадыбы? Бирок тажаганы менен аргасыз барууга тийиш, анткени “алмайдын бермейи бар” деген сөз бар. Кимге канча кошумча кошуп, канча жолу тоюна барсаң, ал адам ошону сөзсүз кайтарып бериши керек. Мындай эсептешүү учуру болуп жатканда чын дилден элден бата тилеп же бата берүү салты артка калтырылгандай…
Ал тургай кырсык басып, жакын адамын жоготуп жаткан адам дагы, эл көзүнө жакшы узатып алалы өлүктү деген ойлор менен алек. Аза күтүү менен биргеликте канча жылкы соем, дасторконго тамак-аштын кайсы түрүн коем деген санаалар менен алышат. Мындай көрүнүштөрдүн бардыгы кыргыз үй-бүлөлөрүнүн алдыга жылуусуна, максаттарына жетүүсүнө тоскоол болуп жаткандай, анткени үй-бүлөлүк бюджетке урулган соккуну жоюу үчүн ал үй-бүлө чет жерге эмгек мигранты болуп да кетүүгө дуушар болууда.
Жасалмалуулук, эл эмне дейт, ысырапкорчулук, эл алдында кандай болсо да көрүнүү сыяктуу көрүнүштөрдүн көбөйүшү коомдун кыжырына тийип жатабы же тескерисинче коомчулук өзү бул көрүнүшкө салымын кошуп жатабы? Канткенде жана качан мындай ысырапкорчулукту токтотсок болот?
“Таберик” подкастынын ар бир чыгарылышта кыргыз тойлору, бата берүү, кыз узатуу, өлүк узатуу жана башка салттын түрлөрү учурда кандай сакталганын талдайбыз. Ал үчүн ар бир конок өз көз карашы жана ой-пикири менен бөлүшөт.
“Таберик” подкасты бир айда эки жолу даярдалат. Подкасттын автору Айзада Калканбекова, “Суусамыр ФМ” жамааттык радиосунун негиздөөчүсү, радиожурналист. Сорос-Кыргызстан фонду каржылаган “Подкастты кантип даярдоо керек” аталышындагы тренингден билим алган соң, “Таберик” аттуу подкастты даярдоо үчүн “Сорос-Кыргызстан” фондунан колдоо алган.
https://radiopublic.com/-GZ2Yjz
“Таберик” подкастына ой- пикир же сунуш билдирүүнү каалагандар 0501603063 номерине байланышса болот!