08.07.2015 күнү «Камчатка» аймагында кайрадан жер талашуу маселеси күчөдү. Буга Себеп Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы турак-жай комиссиясынын чечими болгон.
«Коал групп» ишканасы турак-жай комиссиясына арыз менен кайрылып, анын лицензиясынын негизинде жер тилкесин ажыратып берүүнү суранган. Комиссия мүчөлөрү жергиликтүү тургундардын макулдугу керек деген сунуш берген. Элдин макулдугун алуу максатында бүгүн эрте менен өткөрүлгөн чогулушта «Коал групп» ишканасы жергиликтүүлөргө трансформатор алып беремин, жолду оңдоп беремин ж.б убада берсе да тургундар макул болгон жок. «Бизди алдап сатып алгысы келет, бирок биз алданбайбыз. Мэриядагылар бизге шылтабай өздөрү эле чечип койсо болмок. Жок жерден кагылышуу болоюн деп, чыр чыгайын деп араң токтоду»- дейт Ш. Джураев айылынын төрайымы Элмира Абдуллаева.
Кабарчы: Анварбек Тухтаров