Даниялык 23 жаштагы Малте Лунд Расмусен (Malte Lund Rasmussen) аттуу жаран келип, эки күндүк экспедицияга барып келди.

Бул туралуу паркта бөлүм башчы болуп, кызмат кылган Мирбек Айтиев билдирди: “Малте азыр Норвегияда жашайт. Натыйжада толук материалды «МИР» сайтына чыгаруу боюнча макулдашуулар жүргүзүлдү.

Чет өлкөлүк турист «СВТ-Казарман» уюму аркылуу келди. Бул биздин паркка биринчи келген турист. «Кан-Ачуу» мамлекеттик жаратылыш паркы табият туризми жаатында иш алып барууну көздөйт. Туристтик маршруттарын жана туристтик кызмат көрсөтүүлөрүн иштеп чыгуу үчүн «СВТ-Казарман» уюму менен кызматташууда”.

Даярдаган: Назгүл Шадыбекова