Акыркы учурда дүйнѳ жүзү боюнча кант диабетинен жабыркап келгендердин саны күндѳн-күнгѳ күч алууда. Ал илдеттин келип чыгуу себептеринин бири туура эмес тамактануу, ашыкча салмактуулук жана стресстен боло тургандыгын кѳпчүлүк билишпейт.
Расмий маалыматтар боюнча, ѳлкѳдѳ 72 миӊ 864 адам кант диабети менен катталган. Бирок бул дартка чалдыккандардын саны бир кыйла жогору болушу мүмкүн. Себеби, диабеттин кѳп убакыт боюу белгилери байкалбай келет.
Бул илдеттен жабыркаган мырзаларды кѳз кѳрбѳй калу, буттардын гангрена болушу жана тукумсуздукка алып келүү коркунучу абдан чоӊ. Бул факторлор калктын генафондусунун начарлашына алып келет жана тукум кууган оорулардын санын кѳбѳйтѳт.
Гүлкайыр Осмоналиева