Бул туралуу өсүмдүк питомнигинин ишкери Таалайбек Койчубек уулу маалым кылды. Анын айтымында учурда питомникте миң даана ак терек, 300 даана карагайдын көчөтү отургузулду жана 3 чарчы метр жерге кара бактын уругу эгилди.

Ошондой эле август айында өрүктүн, кара өрүктүн данектерин өндүрүлүп, келээрки жылга теректин таякчаларын 10 миңге жеткирүү пландаштырылууда.

Белгилей кетсек питомниктин айланасын коруу жагы “MSDSP-KG” коомдук фонду тарабынан каржыланган.
Даярдаган: Аман Шаршенбек уулу. “Кара-Чий” жамааттык мультимедиалык борбору.